www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун губернатору 3иядин Жамалдинов менен биринчи орун басары Данияр Жаныкуловдун бири-бири менен болгон тиреши, таасир талашкан интригасы, акыры келип экөөнүн тең иштен кетишине негиз түздү. 

Ыркырашып-чыркырашып, биринин былыгын бири чукуп, тымызын коомчулукка таратып, компромат согушунун кесепетинен бири-бирине казган орго өздөрү чогуу түштү. Негизи жыйынтыгы ошондой эле болмок. 

Президент экөөнү тең иштен айдап туура чечим кабыл алды. Эми укук коргоо органдары ишмердүүлүктөрүн тыкыр иликтеп, мыйзам чегинде жоопкерчилик маселесин карашы зарыл. Антпесе болбойт. 

Улам кийинки келген жетекчи президенттин ишенимине суу сээп, күмөндүү акча махинациясына баш-оту менен киршип, саботаж жасап уят кылбагандай сабак ирээтинде экөөнүн былыктары мыйзам алкагында тергелип, кылмыштуу аракеттери болсо жоопко тартылышы кажет.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости