www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ипотекалык компанияда “татынакай” ич ара коррупциялык жолу бар. Бул тууралуу депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

"Ипотека насыясын алуу үчүн бүгүнкү күндө 35 миңге жакын мамлекеттик кызматкер кезекте турат экен. Өкмөттүн токтомдоруна ылайык кезекке турат экен. Ошол тизмедеги 35 миң адам ипотекалык насыяны качан алары белгисиз. Мамлекеттик ипоткалык компаниянын өзүндө өтө чоң коррупциялык элементтер бар. Мен бул тууралуу өзүнчө кагаз түрүндө берем. Бул жерге биз алардын жетекчилерин чакырып, отчетун алышыбыз керек, биз дагы суроолорубузду беришибиз керек. Алар өзүнчө ич ара дагы бир кезек уюштуруп койгон.Ким акча берсе кезеги алдыга жылып кетет. Анын баары фактылар менен бар",-деди Жамгырчиев.

Комитеттин төрагасы, депутат Сүйүн Өмүрзаков бул сунушту колдоду.

Мамлекеттик ипотека компаниясы мындай дооматтарга азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости