www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Менин сага жакшы жаңылыгым бар!” деди Жамин агай, ушинтип катка жазды. Адамдын жакшы кеп, жакшы жаңылыкка ушунчалык муктаждыгын, “көзгө сүртөр дарыдай” керектигин айт. Анын жагымдуусун, шириндигин айт. Болгондо да кумдан алтын издеп, ой-кырды аңтарып жүргөнүңдө. “Жакшы жаңылык!” дейт деп копшолуп алдым, андан ары окуганча шаштым. Көрсө, Жамин агай эски альбомдорун карап отуруп ушул сүрөттү таап алыптыр. Эстүү, турмуштун ар катмарын кармап, татып көргөн адамдардын адамдарга мамилеси да өзгөчө болот, “иним жок издеп жүрдү эле...” деп мени эстеп бул сүрөттү мага салыптыр. Сүрөттү көрүп, атамды таанып ал издеген тамчы тарых мына деп мага жөнөтүптүр. Сизге чексиз ырахмат, Жамин байке. Менин бир тилегим орундалды. Турсам да отурсам да тиктей берчү сүрөт болду. Мен үчүн. Издеген табат деген ушул. Куржун толот деген ушул. Сиз мага сүрөт эле эмес төмөнкүдөй элести да белек эттиңиз. Аны мен эч жандан уга албас элем...

(Китептен үзүндү) 1970-жыл... Ленин колхозунан түз эле “Жеңиш” колхозуна жөнөдүм. Ал жерди эл “Саз” деп аташчуу. Жолдун начарлыгынан кечирээк келип калып, түз эле башкарманын конторасына бардым. Кирип барсам эле, төрдө жап-жаш, чачы кап-кара бир жигит отурган экен. Тура калып эле мени менен жылуу учурашып: “Күтүп жаттым эле, ырас болбодубу келгениңиз, чарбачылык боюнча бир топ көйгөйлөр бар эле, аларды сизге айтып калайын. Каап, күндүз болсо, чарбабызды шашпай көрсөңүз болот эле. Эч нерсе эмес, бүгүн бизге түнөп алып, эртең таанышасыз да” – деди. Мен кечиккениме кечирим сурап, бирок шашып баратканымды айтып, бүгүн Үгүткө жетип, атам-апама жолугуп, эртең менен Фрунзеге кетишимди айтсам, бир аз түйшөлө түштү. Анан ордунан тура калып, “эми сиз бышып аткан тамакты таштабаңыз, сизди келет деп казан азып койдук эле, үйгө кире кетиңиз”, деп күлүмсүрөдү. Көзүнөн от жанып, жүзүнөн жылдыз учкандай мага сезилди. Мен шарт эле маакул болдум. Мен башында айтып жаткан жигит ошол “Жеңиш” колхозунун башкармасы Кадырбек Эдигеев эле. Мага жаш көрүнгөн жигит, көрсө, мен курактуу эле экен. Мен 1936-жылы туулгам, Кадырбекке 1970-жылы учураганымда мен туп-туура 34 жашта элем. Кыргызда кеп бар эмеспи: “Эшигин көрүп төрүнө өт” деген. Анын сыңарындай, мен Кадырбекке биринчи жолукканда эле ал мага өзгөчө көрүндү. Анын мага жакканы – кичи пейилдүүлүгү, маданияттуулугу, интеллигентүүлүгү жана адамды өзүнө тарткан бир касиети. Жапалдаш бойлуу, денеси чымыр көрүндү. Спортсмен го деп да ойлоп кеттим. Кыскасы, келбети келишкен, гүлгүнжаш мезгили экен. Кадырбекти карап отуруп, Корчубек Акназаровичтин райкомдо мага айтканы эсиме келди. Ал киши: “Кош-Дөбөдөн келе жатып, “Жеңиш” колхозунан өтүп кетпеңиз. Ал жерде башкарма болуп жолдош Эдигеев иштейт. Иши абдан жакшы. Колхоз райондун алдыңкы чарбаларынын бири. Өзү, азыркы тил менен айтканда, заманбап адам. Келечеги кең, сабаттуу жана акылдуу жигит. Кийинчерээк районго алып келип, жетекчилик кызматка алсакпы деген да оюбуз бар. Анткени колхозду тез аранын ичинде эле оңдоп койду.”

Караңгы кирип калса да үйгө келдик. Катардагы эле 3 бөлмөлүү там экен. Бизди келинчеги тосуп алды. Кабагы ачык, жаркылдаган жубайы бар экен. А, булар чыныгы “кош жылдыздар” турбайбы деп ойлоп койдум. Дасторконду ушунчалык берекелүү жайыптыр, бир аз таң калдым. Боорсок, көмөч нан, сары май, каймак, курут гана эмес, жашылча жана мөмө-жемиштер коюлуптур. Шаардагыдай эле стол жана жыгач отургучтар, самоор болсо шакылдап кайнап жатат. Анан баса, үйгө киргенде кичинекей балдар бар экен, бардыгын таза жана татынакай кийинтип коюшуптур. Мен барып, беттеринен өөп, баштарын сыладым. Кыскасы, үйлөрүндө бир өзгөчө жылуулук, кандайдар бир жагымдуу маанай жайгашкандай сезилди. Чай ичип бүткөндөн кийин, Кадырбек келинчегине айтып калды: “Жамин байке (“Байке” дегени эсимден кетпейт) шашып атыптыр, Үгүттө Атасы менен Апасы күтүп жатыптыр. Тамакты тездетпейсиңби” десе эле, жубайы: “Тамак даяр, жаш эт эзилип деле кетсе керек” деп, бир аздан кийин чоң табакты астыбызга койду. Дидарлашып, тыяк-быйакты сүйлөшүп олтуруп, шашкан жаным 3 саатка жакын конокто болуптурмун. Кадырбек менен жубайынын меймандостугу, мээримдүүлүгү жана кең пейилдүүлүгү мени багындырды. Бешбармак жеп бүткөндөн кийин ысык чайдан баса ичип, анан тер кургатып алып үйдү көздөй жөнөдүм. Эшике чейин жылуу узатышып, алар кала беришти. “Саз” менен “Үгүттүн” ортосу 50 километр болгону менен жол өңкүлдөк, анын үстүнө кап-караңгы, машина (“Волга”) айдоочум жаш орус жигит эле. Тыяншанга биринчи жолу келиши экен. Жолдо келе жатып бир топ ойго баттым. Айрыкча Кадырбек Эдигеевдин элеси эсимен кетпей туруп алды. Кандай жакшы жигит, билимдүү да экен, кыргызча да, орусча да так сүйлөйт экен, мындай кадрларды райондо гана эмес, республикалык деңгээлде да пайдаланыш керек го деп, ичимден ойлондум. Аңгыча түңкү саат 12ден өткөндө Үгүткө жетип бардым. Үйгө жакындаганда карасам, көчөдө эшиктин алдында бир караан көрүнөт. Көрсө, ал менин Атам экен. Жарыктык, мени эмне мынча кечикти деп, уктабай, тынчсызданып, күтүп жатыптыр. Машинаны таанып, дарбазаны дароо ача койду. Мен чыгып, “Ата, кандайсыз” деп жакындасам (кучакташканды жаман көрчү, эркектер өбүшпөш керек деп кесе айтчуу), “ай балам, мынча эмне кечиктиң, бизди кичине бир ойлоп койсоң боло, сар-санаа болуп бүттүк”, деп бир аз капаланды. “Кечирип коюңуз, Ата, зарыл жумуш чыгып калды” десем, ага болбой: “Сен да карыганда балдарды күткөн кандай болоорун түшүнөөрсүң, азыр жашсың да, Жамике”, деп сөзүн жумшартты. Үйгө кирсек апам мени кучактап алып, атам менен урушту: “Сен Аким (апам капаланганда да атамды Акималы деп айтчуу эмес, дайыма эле Аким дечүү), Жамин минтип чоңоюп-чочоюп министр болуп атса деле көңүлүн калтыра бересиңби, ачууңду качан тыясың?”. Атам чын эле ачуулу болгону менен, анысы бат эле таркап кетчүү. Ак көңүл, айкөл жана берешен киши болчу. Эл, жер дегенде ичип аткан ашын жерге коё койчу. Көрсө, менин бир тууган иним Курманбек дагы тамак азып, мени күтүп отурушуптур. Анан кайдан уктамай. Атам, апам үчөөбүз сагынычыбыз тарабай, таң аткыча сүйлөшүп отура бериптирбиз. Мындан артык рахат болобу? Жок, болбойт. 2009-жылы менден 6 жаш кичүү бир тууган иним Курманбек да өтүп кетти. Андан кийин айылга барсам эле, баягыдай эмес. Атам, апамды издейм, такыр таппаймын. Аларсыз көңүлүң да ачылбайт, ичкен тамагың да аш болбой туруп алат экен. Анан ойлонуп олтуруп, биз өнүп-өскөн, атам курган эски тамыбыздын жанына жаңы имарат тургуздум. Эгер мурун айылга 2 жылда бир барсам, эми 1 жылда 3-4 жолу барчуу болдум. Барганда да балдар-кыздарымды, небере-чөбүрөлөрүмдү кошо алып, айылдагы өзүбүздүн үйүбүзгө кенен-кесир бут сунуп, каалаганча жашап келчүү болдук. Барган сайын Атам, Апамдын тоо боорундагы мүрзөсүнө барып куран окутабыз, дуба кылабыз. Кээде, мен жалгыз өзүм өйдө жакка чыгып алып, көп нерселерди, өзгөчө ата-энем менен чогуу өткөргөн кайталаңгыз мезгилдерди эсиме салам, терең ойго батам. Ошондон кийин көңүлүм көтөрүлүп, бир аз болсо да бошой түшөм. Арбактар бар дегенге мен ишенем, ушул убакка чейин атам-апам түшүмө кирет, алардын арбагы мени колдоп жүргөнүн дайыма сезем.

Эми айтарым – эмне үчүн Кадырбек Эдигеев жөнүндө азыр жазып жатам. Кадырбектин каза болгонунан бери 44 жыл болгону калды. Сөзсүз, ажалга айла жок, “маңдайыңа эмне жазылса, ошону көрөсүң”, деген сөз бар. Ошондой болсо дагы, 1973-жылы Кадырбек Эдигеевдин мыкаачы маңкурттун огунан көз жумгандыгы кимди болбосун катуу капалантат. Чолпондой жаркыраган жакшы жаранды көз-көрүнөө атып салуу – бул айбанчылык эмей, эмне? Чындыгында, айбан да андай ишке барбайт. Көрсө, 1970-жылы мен Кадырбек менен жолугуп сүйлөшкөн “Жеңиш” колхозунун конторасынын капталдагы терезесин ачып туруп, мылтык менен атып кетиптир. Ой, кайран гана Кадырбек, сенин эмне күнөөң бар эле? Жок болчу да. Бул жапайы окуянын арты деле жакшылап териштирилбей калды окшойт. Кадырбектин артында жаркылдаган жубайы, мончоктой болгон балдары калды. Алардын убалынан корксо боло, тирүүнүн бул желмогузу?

Балдар дегенде мен Кадырбек Эдигеевдин уулу Жеңишбек жөнүндө айткым келет. Ушул жылдын (2017) январь айында мен Кытайга, андан ары Вьетнамга айыл чарбасы боюнча илимий жыйынга бардым эле. Анан Хо Ши Мин (мурдагы Сайгон) шаарына келип, телефонду ача койсом эле менин WhatsAppыма чет мамлекеттен узун номерлүү телефон түшүп калыптыр. Карасам, Швейцария деп жазылып турат. Аңгыча Бишкектен келинчегим Бурул чалып калып, Женевадан үйгө Жеңишбек деген жигит телефон чалып, сизди сурады деди. Бирок мен Вьетнамдан Швейцария менен байланыша алган жокмун. Бишкекке кайтып келгенден кийин 17-январда Женевадан мага Жеңишбек өзү чыкты. Менин ага ыраазы болгонум, атасы Кадырбек Эдигеевди билип – тааныган кишилердин эскерүүсүн чогултуп жатыптыр. Ата кудайдан баланы ушул үчүн тилейт. Өзгөчө, туяк бар жерде ата эч убакта өлбөйт. Мындай эскерүү жалгыз эле Жеңишбекке эмес, баарыбызга керек. Анткени биз издеп жүргөн улуттук идеология мына ушул жерде жатат. Атасын сыйлаган бала элин да сыйлайт. Муну тарбыя деп коёт. Андан азыркы жаштар үлгү алат. Жаштар болсо биздин келечегибиз. Келечегибиз кең болсун! 

Жамин АКИМАЛИЕВ

Булак:"Кыргыз Туусу" 

Последние новости