www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирөө шорго малынса, анын арты менен бакыт табуу адамзат тарыхында далай ирет далилденген. Англиялыктардын «Король өлдү, жашасын король» деген сөзү жогоруда айтканымдын анык негизи. Бизде да мындайлар жок эмес. Ким бирөө камалып же кызматтан айдалып кетсе, сөзсүз башка бирөөнүн бакыт жылдызы жанат. Кеткен адамдын ордуна барып култуңдап олтуруп алат да, капчыгын толтура берет. Ошол эле маалда башка бирөөлөр камалса, алардын атаан-даштарына «аба» кенен жетип калат.

Алып карайлы, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кудуңдап, адашы Өмүрбек Текебаевге иш козголуп, камалгандан бери жакшы маанайда жүрөт. Президенттик шайлоонун алдында чоң атаандаштан кутулдум деп атса керек. Бирок өткөн күндөргө бир кылчайып көрсө болот эле. Өзүнүн деле аркасы таза эмес экени анык. Андыктан күзгүгө бир каранып албайбы дегиң келет!

Булак: Де-факто

Последние новости