www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Global Finance басылмасы дуйне мамлекеттеринин саясатташкан каржылык рейтингин жарыялады. Басылманын акыйкатсыздыгын, саясатташканын иликтөөсүндө  АКШнын басымына каяша кылган мамлекеттерди «итке» теңегенинен байкаса болот.

Дал ушул Global Finance Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 жакыр мамлекеттин катарына кошуптур. Акыркы жылдары Кыргызстанда коррупцияга карты күрөш аеосуз жүрүп жатканын эске албай, бизди күн санап паракорлуктун сазына батып бараткан мамлекеттерге салыштырган. Бул иликтөөдө  Кыргызстанга объективдүү баа берилген эмес деп ачык айта алабыз.

Мына ушундай иликтөө «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрүнө майдай жагыптыр. Бул партиядан депутат болгон Наталья Никитенко парламенттин трибунасынан табасы кана муну шардана кылды. «Керек болсо, эмне үчүн Кыргызстан кайрадан жакыр өлкөлөрдүн катарына кирип калды, эмне үчүн сот, милиция реформаланбайт деген суроолорго так ушул аянтчадан, парламенттен жооп берилүүгө тийиш», - дейт.

Кыргызстанда укук коргоо органдары реформаланып, коррупция­га карты күрөш жүрүп, бюджеттин киреше бөлүгү күн санап өсүп баратканын сокур адам гана кербейт. Эмне Наталья Никитенконун көзү сокур болуп калганбы? Парламентте бул депутат оозун көптүрүп, ушул кепти табасы кана айтып бүткөндөн кийин дагы бир депутат Мурадыл Мадеминов ага каяша айтты. «Акыркы жылдары Кыргызстан бир топ алдыга кетти. Мектептер, бала бакчалар курулуп, алыскы Баткенде да элдин жашоосу жакшырып баратат. Бир эле уюмдун маалыматына ишенбешибиз керек», - деди ал.

Эл аралык уюмдар Кыргызстан тууралуу терс пикир берип жатканда ар бир атуул буга каршы пикирин билдирип, өлкө намысын коргоого милдеттүү. «Ата Мекен» партиясы бийликке таарынып, лидеринин коррупциялык иштери ашкере болгонун мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө койбошу керек. Булар мындай көрүнүшкө табасы канып, Кыргыз­станды шылдыңдаганын токтотпосо, өздөрүнө эле зыян. Кийин шайлоодо эл ансыз деле бул партияга өз баасын берет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де-факто

Последние новости