www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин байлар укмуш кыйын эй! Амалдары түлкүнүаңга түртөт. Байып, жыйып алган соң эптеп мандатка детет да, 5жыл бою элдин  жонтерисинен айлык алып, чет өлкөлөп, «бөтөлкөлөп» жыргай беришет.

Ал эми иш жаатына келгенде оозуна кум тыгып алган баладан да жаман. Же иштешпейт, же кетишпейт. Айталы, Канат Исаевдин досу, Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Сарсейитов Исланбек кандай максатта депутат болуп келгенин билбейбиз. Дегенибиз, мандат алганына бир топ убакыт болсо дагы ооз ачып, маселе талкуулаганын көрбөдүк.

Бирок Исланбек мырза азыр коомчулукту мурункудай баео ойлоп албаса экен. Анткени азыр коомчулук өтө активдүү. Убакыт деген учуп баратат. Сарсейитовго окшогондор эл ырыскысына момурап эле «тоюп» алып, «жуушап» жата бербеши керек. Маал-маалы менен «сүт» берип турушу керектигин да унутушпаса. Андыктан «саан» уба- гы өтүп баратат, Сарсейитов.

Ооз ачып эмнеге депутат болуп олтурганыңызды, канча мыйзам жазып, калкка кандай жакшылык кылып ийгениңизди билдирип туруңуз. Болбосо сүт бербеген уйду «жеп түгөткүр экен» деп туруп, кыргыздар шарт эле «согум» кылып жибермейи бар.

Булак: Де-факто

Последние новости