www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоомарт менен Бакытта уят жок экен

«Ата Мекендин» лидери канатынын алдына калкалап, чөнтөгүндө жыртык тыйыны жоктугуна карабай, депутаттык мандатка жеткирген эки жигит бар эле, Жоомарт Сапарбаев жана Бакыт Калмаматов деген.

Азыр Текебаевдин башына каран түн түшкөндө бул экөө үн катканга жарабай, адамдык парасаттын эң төмөнкү  деңгээлин көрсөтүшүүдө. Ооба, ортодогу саясий жана жеке мамиледе араздашуулар, пикир келишпестиктер болгондур, бирок алар адамдык сапаттан бийик көтөрүлбөшү керек. Киши баласынын айбандан айырмасы далушул чекте турат.

Кыргыз эли «Бир жолу туз таткан жерине миң жолу салам айт» деген. А бул эки жигит мындай кылыгы менен «Ашыңды ичейин, кадырына...» дегендей кош көңүл мамиле кылып, «Суу ичкен кудугуна түкүрүшкөн» жокпу?

Арийне башкасын айтпаган күндө да так ушул эки жигит Текебаевдин колунан өнүп-өсүп, жакшылыгын көргөнүн жамы журт билет. Мындай шартта көр дүйнөдөн бийик туруп, душманын болсо да азапка баткан кишиге колдоо көрсөтүш керек. Бирок аттиң деп бармак тиштегенден башка арга жок. Шер кыргыздын урпактары майдаланып калган окшойт.

Булак: Де-факто

Последние новости