www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаман катын кетем деп коркутат» позициясы эскирип, модадан чыкканын моюндагысы келбегендер бар. Азыр кыйратып жаткансып «кетем, анан кайра деле келе берем» деп дөөгүрсүгөн капчыктуулар калкка жакшылык кыла албай атышат. Акчасына көпкөндөр адамдык бийиктиктерден алыстап кетет тура. Алмазбек Токторов деген Жогорку Кеңештеги «Кыргыз­стан» фракциясынын депутаты мандатымды тапшырып, кайра шайлоого баргандан коркпойм деп дөөгүрсүдү...

Капчыгы калыңдар, албетте, коркпойт да. Булардын логикасына таянсак, партиясынын программа-платформасы, калктын ага карата берген баасы түккө турбайт экен. Акча баарын чечет, мандатты сатып алам дегендей эле айтыптыр.

Депутат болуп келгени ооз ачканын көрө элекпиз, кайра шайлоо дебей эле мандатын тапшырып кете берсе деле жарашчудай. Токторовдун мандат тапшыруусунан эле Кыргызстандын жашоосу токтоп калмак беле?

Булак: Де-факто

Последние новости