www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагындагы 137 миллард сом өлчөмүндөгү олчойгон карыздар – бул "жети баштуу желмогуз" делген коррупция менен түздөн-түз байланышкан. Мындай пикирин Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев билдирди.

--Электр энергиясын 23 тыйынга кымбаттатуу эскилиги жеткен энергетика тармагын калыбына келтирүүгө көмөк болобу?

-Негизи энергия секторундагы коррупцияны "тап" катары жоймоюнча, электр жарыгынын тарифин 23 тыйынга, ал турмак андан да бийик көтөрүү эч кандай жыйынтык бербейт. Бул тим эле куру убара. Светтин баасын жогорулатуу карапайым элдин нааразычылыгын туудурат жана социалдык чыңалууга гана алып келет. Электр энергиясын кымбаттатуу көйгөйлөрдү чече албайт. Кыскасы, кептин баары – коррупцияда.

--Энергетика тармагындагы ортомчу фирмалардын көпчүлүгү жоюлганы коррупцияны кыскартууга салым кошобу?

-Азыркы учурда электр энергиясы боюнча болуп жаткан орчундуу көйгөлөр биринчи кезекте ушул өтө маанилүү тармактагы коррупциянын эбегейсиз гүлдөп жатканы менен гана түшүндүрүлөт. Светти бөлүштүргөн ортомчу алып сатарларды түп тамырынан баштап жоюу – бул коррупция менен күрөшүүнүн алгачкы жана натыйжалуу ыкмасы болуп эсептелет. Кыскасы, энергетика тармагындагы 137 миллард сом өлчөмүндөгү олчойгон карыздар – бул "жети баштуу желмогуз" делген коррупция менен түздөн-түз байланышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости