www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш система менен шайлоо – бул азыркы учурдун талабы», - деди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине академик Жамин Акималиев.

- Жамин агай, жаңы шайлоо мыйзамдар менен парламенттик шайлоо өткөргөнү турабыз. Партиялык да, бир мандаттуу аралаш система жакшы жыйынтык береби? Аралаш система мыкты депутаттардын келишине шарт түзүлөбү?

- Жогорку Кеңештин депутаттарын аралаш система менен шайлоо – бул азыркы учурдун талабы. Анткен себеби бир мандаттуу округдардын артыкчылыгы – эл өзүнүн каалаган кишисин түздөн-түз тандап алат. Ал эми партиялык тизменин жакшы жагы – келечектеги депутаттардын социалдык курамын алдын ала аныктоого шарт түзөт.

- Айтмакчы, шайлоодон кийин бийлик алмашат деп болжогондор көбөйдү го. Чындап эле бийлик алмашып кетиши мүмкүнбү?

- Шайлоодон кийин бийлик алмашат деген сөз – былжыраган сөз. Бул, катардан чыгып калган кээ бир саясатчылардын арам тилеги. Андай тилектер ташка чабылсын. Бийликтин алмашуусуна жүйөлүү себептер жок деп айтсам жаңылышпаймын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости