www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы Эмилбек Кимсановдун сабалганы тартылган тасманы каттоого алып, кылдат текшерүүнү баштаганын билдирди.

ЖАМК тараткан маалыматта “Тасманы жайлатып көргөн учурда ал тартылган жер Кимсанов отурган абакка окшошпогону байкалды. Тасмада кишилердин жүздөрү даана көрүнгөн эмес. Бул тасма фейк болушу мүмкүн” деп маалымдашты.

Ошондой эле, Эмилбек Кимсанов Бишкектеги №1 тергөө абагына 3-апрелде жеткирилип, дагы үч киши менен чогуу карантин камерасына киргизилгени, 4-апрелде Кимсанов башкалар менен чатакка барбаганын жана адвокатынын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат деген билдирүүсүнө кошулбасы тууралуу түшүнүк кат жазып бергени айтылды.

ЖАМКнын маалыматында бардык тергөө абактарында видеокөзөмөл жүргүзүлөрүн белгиленген.

ЖАМК Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева “Фейсбуктагы” баракчасына койгон тасма аны кылдат текшерүүгө өбөлгө болгонун, текшерүүнүн жыйынтыктары укуктук баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жиберилерин белгилеп, ошол эле учурда адвокаттын видеонун булагын көрсөтпөгөнүн белгилеген.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн кардары абакта сабалып жатканы тартылган видео колуна тийгенин кабарлап, видеотасманы 16-июнда аны "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган.

Тасмада белгисиз эки адам бир кишини мыкаачылык менен сабап жатканы көрүнүп турат. Сүйүнбаева видеодогу ур-тепкиге калган киши Эмилбек Кимсанов экенин билдирип, муну талашсыз далил катры белгилеген.

“Эмилбек Кимсанов камакта сабалды” деген маалымат мурда да таратылып, аны да ЖАМК четкке каккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости