www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Кароосуз калган балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун» мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевскийдин ден соолугуна байланыштуу «Азаттыктын» суроосуна жооп берди. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, Петрушевский дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

- «Аны ооруканага которуш керек» деп айтылган жок. Калгандарын сот чечет. Анын операция болгонуна көп эле болуп калыптыр. Учурда дарыгерлер көзөмөлдөп турушат.

1-июлда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Петрушевскийдин абалынан кабар алып, аны үй камагына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сотко сунуш кылышкан. Буга чейин Петрушевскийдин жакындары ушундай эле сураныч менен бийликке кайрылышкан.

Бүгүн, 2-июнда аталган борбордун тарбиялануучулары басма сөз жыйынын өткөрүп, мурдагы жетекчини бошотууну өтүнүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости