www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты ал 23-апрелде Петровка айылындагы абакка жөнөтүлөрүн социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Жактоочу Нурбек Токтакунов мурдагы премьер-министр Исаков Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынан которулуп жатканын айтты. Муну менен катар эле Биринчи май райондук соту дагы бир иш боюнча мурунку аткаминердин жоопкерчилигин карап жатат. Адвокат бийликтен Исаковду УКМКнын тергөө абагына алып келүүнү талап кылууда. Себеби ал мамлекеттик сырды билген кызматкер деп жүйөө келтирди.

Анын экинчиси жактоочусу Замир Жоошев Исаков боюнча дагы бир кылмыш иши каралып жаткандыгын айтып, экс-премьердин сот жараянына катышуусу жана өзүн-өзү коргоосуна мамлекет кепилдик бериши керектигин белгиледи. Петровкага которулганда айыпталуучу мындай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат.

Жоошев бул аракеттердин бардыгын эки стандарттуу иш деп баалады. Бир иш боюнча айыпталып жаткан башка жарандар өкүмдү күтүп №1 тергөө абагында же УКМКнын тергөө абагында эч жакка которулбай отурат.

Ал эми Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан 22-апрелде №1 тергөө абагында атайын комиссиянын отуруму болгонун маалымдашты. Комиссия 86 адамдын жаза мөөнөтүн кайда өтөрүн жана кандай шартта темир тордун артында отурарын караган. Аны менен кошо эле экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовдун жаза өтөө шарттары каралган.

“Жазык кодексинин 72-беренесине ("Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жана өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаларды өтөөчү жерлер") ылайык, атайын комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алган: Жазасын жалпы тартипте өтөө үчүн Исаков №8 абакка, Сатыбалдиев №47 (Бишкек) абакка, Авазов №27 (Молдовановка айылы) түрмөгө которулат”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Сапар Исаков Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган. Ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган.

Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости