www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Эрнест Карыбеков менен доллардын кымбатташы боюнча сүйлөштүк.

--Эрнест мырза, акча алмаштыруучу жайлар долларды кымбаттатып жатат дегендер да чыкты эле. Акча алуучу жайлар жабык болсо да неге бир доллар 80 сомдөн ылдыйлабай жатат?

--Акча алмаштыруучу жайлардын доллардын кымбатташына тиешеси жок. Кыргызстандын экономикалык түзүлүшүн башка, жаңы моделге өткөрмөйүнчө доллар өсө берет. Доллардын  баасынын жогорулап, төмөндөшү мунайдын баасына байланыштуу болот. Орусча айтканда советтер союзунун "воспроизводственный контур" эмгиче иштеп келе жатат. Азыр кыргыз мамлекети энергоресурсту башка мамлекеттен алабыз. Жылына энергоресурсту сатып алган  мамлекеттерге 700 миллион доллар жөнөтөбүз. Сомго доллар сатып алабыз.  Анан  доллар көтөрүлөт да. Мына ушундай жагдайларда сомдун кунун түшүрбөш үчүн  Кыргызстан жаңы мыйзамдар менен иштеген экономикалык саясатка өтүшүбүз зарыл. Антпесек, ушундай абалдан чыга албай отура беребиз.

--Акча алмаштыруучу жайлар керекпи?

--Азыр керек болушу мүмкүн. Анткени, Кыргызстан өзүнүн көз карандысыз экономикалык моделин түзө элек. Кудай буюруп, экономикабыз жогорулап калса, өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толуктасак, келечекте акча алмаштыруучу жайлардын кереги жок болуп калат. Экономикаббыз доллар жана башка волюталарга көз карандысыз болуп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости