www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткен облусундагы үйлөрдүн ордуна бир дагы жаңы турак жай курулуп бүтө элек, эл чатырда жашоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бийлик убадалаган жардамдар дарегине жетпей жатат. Чатыры жабылып үйүнө кирген бир дагы киши жок.

"Лейлек районуна барып келдим, тургундар чатырда же боз үйдө жашап жатышат. Эң көп үйлөр талкаланган Арка-1 айылына болгону үч контейнер жеткирилиптир. Көпчүлүк үйлөрдүн фундаменти куюлган бойдон токтоп турат. Аны да курулуш компаниялары өзүнүн каражатына куруптур. "Өкмөттөн акча берилген жок" дейт. Биз бөлүп берип жаткан акчалардын баары кана? Элибизден чогулган 320 миллион сомдон ар бир үйгө бир-эки миллион сомдон берип турбайсыңарбы. Жок дегенде чатырын жаап алышмак. "Көп акча түшүүдө, укмуш болуп жатат" деген жашоо жок экен ал жакта", — деди Акаев.

Ал эми Султанбай Айжигитов Баткенди калыбына келтирүү менен эч ким алектенбей, мамлекеттен бөлүнгөн акча бизнеске айландырылып жатканын айтты.

Камила Талиева болсо курулуш иштерин подрядчылар субподрядчыларга берип, бири-бирине шылтап отурушканын билдирди.

Мындай пикирлерди төрага Нурланбек Шакиев да кубаттап, өткөн жумада өзү Баткенге барып келгенин белгиледи.

"Чынында курулуштун темпи өтө жай болуп жатканына, элдин нааразычылыгы бар экенине күбө болдук. Ал боюнча министрлер кабинетинин төрагасына, президентке дагы айттым", — деди спикер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости