www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутат Жанар Акаев Эгемендүүлүктүн майрамын жыл сайын ар башка облустарда өткөрүү сунушун киргизди.

“Эгемендүүлүк жылдардан баштап Баткен облусунда туташ көйгөйлөр токтобой жатат. Эгемендүүлүктүн 30 жылдык мааракесин 2021-жылы Баткен шаарында, кийинки жылы Ысык-Көлдө же Таласта өткөрүшүбүз керек. Азыртан өкмөт каражат жагын да ошого ылайыкташтырып баштасак жакшы болмок.

Көпчүлүк Баткенди көрө элек, ошондо 6 облустун эли барып көрмөк. Туристтик жактан да экономикалык жактан чоң көңүл бөлүнүп, идеологиялык маани болмок.

Ошондо бардык облустарга көңүл бурулуп, өсмөк. Муну дал ушул Баткенден баштообуз зарыл”, –деди Акаев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости