www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалымат чындыкка төп келбей турганын айтты.

Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Бишкек мэрлиги тууралуу эч ким менен эч качан сүйлөшүү болбогонун жазды.

“Андай планым да жок. Садыр Жапаров менен жолугушканым чын, бирок биз өлкөдөгү кырдаал, кризистен чыгуу жолдору тууралуу маселелерди сүйлөшкөнбүз”, — деди Акаев.

Белгилей кетсек, буга чейин ал шаар жетекчилигине талапкерлигин коюп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Эске салсак, Бишкек мэри Азиз Суракматов иштен кеткенден бери Бишкек мэрлиги талашка түшүп келет. Ошондой эле кечээ мэрия мэрдин милдетин аткаруучу катары мыйзамдуу түрдө биринчи вице-мэр Нариман Түлеевди гана тааный турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости