www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызда чала таанышы 15-август күнү ишенимге кирүү жолу менен BMW X5 автоунаасын алып, андан соң айткан убадасына турбай белгисиз тарапка из жашырып качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө убагында шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалып, учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости