www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык мобилдик блокбастер кинофестивалынын экинчи сезону аяктады. Бул жолу дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн келген катышуучулар өзүлөрүн санарип искусствосунда сынап көрүштү. Ал эми баш байге – $ 500 жана статуэтка “Опоздавший” тасмасы менен Кыргызстандан келген командага берилди. 

 

Кыргызстандан барган катышуучулар 4 баалуу статуэтканы утуп алышты: 

1. Мыкты даректүү тасма (Калыстардын сыйлыгы) 

2. Мыкты актриса 

3. Мыкты актер   
4. L категориясындагы фестивалдын мыкты тасмасы (тасма 12 мүнөткө чейин) - БАШКЫ байге

Mobile Blockbuster кинофестивалы (MBff) – смартфондо тартылган кыска метраждуу тасмалардын фестивалы. Ал Казакстанда ушул жылдын март айында пайда болгон. Уюштуруучулар долбоордун негизги миссиясын маданияттын, искусствонун жана көңүл ачуунун чектерин кеңейтүүдө, ошондой эле колдонуучунун чыгармачыл контентин түзүүдө карашат. Фестивалдын экинчи сезону 15-августтан 15-октябрга чейин созулган. Ал эми 25-октябрда YouTube каналындагы A! Baika каналында жеңүүчүлөрдү жарыялоонун салтанаттуу аземи болуп өттү.

Эки сезон тең онлайн режиминде өткөнүнө карабастан, Фестиваль буга чейин эл аралык деңгээлге чыккан. Жалпысынан MBff командасы дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн: Казакстан, Россия, Болгария, Испания, Франция, Чили, Куба, Кыргызстан, Иран, Индия жана Польшадан 50 чыгарманы кабыл алды.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости