www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик иш-чараларда ырчылар жандуу үн менен ыр аткаруусу боюнча жарандардан сурамжылоо өткөрүүдө.

2023-жылдын 1-январынан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыккан.

Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт.

“2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү. Бирок, ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет. Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик интернет колдонуучуларынан төмөнкү суроолорго комментарий калтыруу аркылуу жооп берүүнү өтүнүп, коомчулукту активдүүлүк көрсөтүүгө чакырды.

1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салынышы керекпи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости