www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жаңырган жыл шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жеке жашоосундагы чуулар менен баштады десек эч жаңылышпайбыз. Себеп дегенде көпчүлүккө үлгү болуп жүргөн түгөйлөр эки ажырым жолго түшүп, коомчулукка таң калтырышууда. Алардын катарын Бобковдордун үй-бүлөсү да толуктаганын былтыркы жылы биз сиздерге кабарлаганбыз.

Мындан бир нече күн мурун ырчы айымдын кайын атасы "Жанета жаман жолдорго баргандыктан, Денис үйдөн чыгып кетти" деп билдирген эле. Андан көп узабай, Жанета айым өз оюн:

"Жакшы да, жаман да айткан пикирлер үчүн рахмат. Элдин көзүндө болгон адам үчүн жашоодо бир топ эле оор болоруна ишендим. Бирок, мен сынбайм жана чөкпөйм, кайра кубат алып кадамым мурдагыдан чоң арыш алып барат. Албетте, менин жеке жашоом бирөөлөрдүн талкуусуна жем таштаганына жаным кейип турат. Аны жашыра албайм. Бирок, бул өтөт, убакыт деген чоң мектеп бизди тарбиялайт. Мен актанып кайнатама тике карап ачуу чындыкты айта албайм. Ага тарбиям да жол бербейт. Канткен менен балдарымдын чоң атасы. Бирок, адамдык жеке кадырыма шек келтиргенине жол бербейм. Ушул убакка чейин балдарымды эч кимдин колун каратпай багып келген дагы деле багам. Ал эми жашап жаткан үйүмө Бобковдорго такыр тиешеси жок. Ал менин ата-энем жана өкүл атам алып берген үй" деп билдирди. 

Аруужан Булекбаева

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости