www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда. 

ЖК депутаты Примов Улан ММКларга 386 миллион АКШ доллары кандай болуп кайсыл жакка сарпталганын элге туура маалыматты жеткирүүнү премьер-министрден талап кылды. Себеби, соцтармактарда бул тууралуу ар кандай материалдар тарап жатат - деди ал.

Буга Сапар Исаков акча каражаты туура эмес пайдаланган деген сөздөрдөн алыс болсок - деп эл өкүлдөрүн чакырды.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов өкмөт Бишкек ЖЭБдеги авариядан шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүсү керектигин айтты. "Бул күндөрү авариядан жабыр тарткан шаар тургундары келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү жылуулукту албай калганын, алар сотко берсе ЖЭБ банкротко учурайт. Ошондуктан келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берүү зарыл", дейт депутат.

Премьер-министр Сапар Исаков эл өкүлдөрүн шаар тургундарына келтирилген чыгымдарды иликтеп чыга тургандарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости