www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук талкууга чыккан жаңы Конституциянын долбооруна «бийликти күч колдонуп басып алууга жол берилбейт» деген норма киргизилди.
Учурда иштеп жаткан Баш мыйзамдын 5-беренесинин экинчи абзацында «Элдин эч бир бөлүгү, бир да бирикме, бир да адам мамлекетте бийликти өзүнө ыйгарып алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет» деп жазылган.
Ал эми жаңы Конституциянын 6-беренесинин экинчи абзацында «Кыргыз Республикасында эч ким бийликти ээлеп ала албайт. Мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет» деп белгиленип, алдына дагы бир норма кошулган. Ал «Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга же күч колдонуп мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын же алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын ыйгарып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт» деп көрсөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg