www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Конституция кабыл алынса, 2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жана пособие 5000 сомдон кем болбойт.

Референдумга сунушталган Баш мыйзамдын 44-беренесинин 2-бөлүмүндө "Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш" деп жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирери белгиленген.

Демек, Конституция кабыл алынса, 2023-жылы жашоо минимуму канча деп белгиленсе, мамлекет жарандарга андан кем эмес пенсия, пособие берүүгө милдеттендирилет.

Эске салсак, 2020-жылы Кыргызстанда жашоо минимуму 5359 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердики 4785 сом, 17 жашка чейинки балдардыкы 4015 сомдон 5139 сомго чейин. Бул ушунча каражат менен бир адам бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости