www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов Россиянын жараны деген маалымат тарады. Анда Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты аркалоого укугу жок деп жазылган.

Мэрдин милдетин аткаруучунун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок анын кеңешчиси Азамат Абсаттаровдун айтымында, мындай маалыматтар чындыкка дал келбейт.

"Бул меселе 2018-жылы дагы көтөрүлгөн. Депутат Ирина Карамушкина Таалайбек Насирбекович Россиянын жараны экенин парламентте айтып, соцтармакта талкууланган. Мындан улам тиешелүү кызматтар Россияга сурам жөнөтүп, бирок маалымат тастыкталган эмес. Насирбекович Кыргызстандын эле жараны. Ал эми Россияда 15 жылдай иштеп келгени чын", - деди Абсаттаров.

Эске салсак, Таалайбек Сарыбашов 2-август күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Ош шаарын жетектеп турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости