www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы өкмөттүн жүзү, Эдил Байсалов болсо…

2021-жылдын 13-октябрындагы Азаттык радиосундагы талкууда, жаңы министрлер кабинетинин атынан сүйлөгөн ЭдилБайсалов: «…. Жаңы өкмөт жаңы парламентке келе турган 45-50 депутат менен иштейбиз, калганына кылыбыз кыйшайбайт», - дегендей оюн жаңы түзүлүп жаткан өкмөттүн төрагасынын орун басары катары ачык айтып, шайлоодо 45-50 депутат бийликтики болот дегендей оюн шайлоо боло электе эле ишенимдүү жарыялап салгандай болду!

Көпчүлүк ушундай түшүндү. Байсалов ошентип «кылыбыз кыйшайбайт» - деп жатканда, президент Садыр Жапаров парламентте депутаттарды таза шайлоо өткөрүүгө чакырып, админресурс колдонулбастыгы жөнүндө убада берип жаткан.

Кимисине ишенебиз, президенткеби же 45-50 депутатты кепилдеп, ишенимдүү сүйлөп жаткан Байсаловгобу? Президент кайсы чиновник шайлоого таасир берүүчү жосундарды жасаса жазалайм деди эле го? Байсаловду жазалай алабы?

Байсаловдун сөзү 2010-жылкы шайлоо алдында, ошондогу убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин: «Ата-Мекен партиясы 120 депутаттын 65ин алабыз, калганын башка партиялар бөлүп алсын» - дегенине окшош!

Жаңы парламенттин 90 депутатынын 45-50сү бийликтики болот дегендей оюн таңуулап, биз ошолор менен иштешебиз», - деп Байсалов кепил болуп жаткан азыркы бийликтин партиялары 2010-жылкы Ата-Мекендин кейпин кийбейби?

Эмнеси болсо да, Байсалов Жапаровдордун бийлигинин чыныгы жүзүн көрсөттү… Байсаловго окшогон бакан ооздордун айынан эл толкуса кылы эмес, бели, мойну, ычкыры менен кошо үзүлөөрүн, 2010-жылы Таласта койканага бекинип жанын сактаганын А.Жапаров эсинен чыгара электир!

Эми кезек президентте, «чиновниктерди жазалайм» - деген сөзү А.Жапаров айткан «хандын» сөзү болсо, шайлоонун жыйынтыгын эрте эле чыгарып жаткан Байсаловдой азаматына чара көрсүн, ошондо эл ишенет…

Гулжан Шерипбаева, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости