Марлен Маматалиев: «Акылбек Усөнбекович алдына койгон пландарын ишке ашырат»
Саясат  |   |  1211

«Акылбек Усөнбекович алдына койгон пландарын ишке ашырат, койгон максаттарына жетет деп ишенем», - деди бүгүн, 14-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине ЖК депутаты Марлен Маматалиев.

- Жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу же баягылар эле келдиби?

- Акылбек Усөнбекович алдына койгон пландарын ишке ашырат, койгон максаттарына жетет деп ишенип турам. Командасына жаштарды дагы кошкону жагып жатат. Бирок арасында, тилекке каршы, сырты жалтырак ичи калтырактар да бар экен.

- Акылбек Жапаровдун бюджетти 400 млрд сомго жеткирем дегенине ишенсек болобу?

- Бул эң чоң аргумент. Ошон үчүн баардыгы унчукпай колдоп жатат. Мен да ишенип турам.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями