www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Мирбек Үметалиев журналист Турат Бектеновдун билдирүүсү ойго салып жатканын айтып, жаңы министр дагы СПИДди жашыргандай короновирусту жаап жашырса кандай болот деген суроо менен журналисттин билдирүсүн өзүнүн баракчасынан бөлүштү.
“Жаны министрдин эски окуясы.
Тээ 2011-жылы доктурлар кичинекей балдарга бир жолу сайылуучу шприцтерди кайра-кайра сайгылашып, 187 (!!!) балага СПИД илдетин жуктурушкан. Бул окуяны Башкы санитардык врач Сабиржан Абдикаримов жашырып койгон экен. Кийинчирээк парламентчилер бетине коюп бергенде гана араң моюнуна алган.
Ошол кездеги Жогорку Кенештин депутаты Дамира Ниязалиева чырылдап, көзгө сайып көрсөткөнү менен негедир Башкы прокурор ишти аягына чыгарбай, кандай ойдо, эмнеге СПИД жуктургандары жашыруун бойдон калган.
Дал ушул сыяктуу окуя 2007- жылы да болгон экен. Анда ыраматылык Президент Администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун төбө чачы тик туруп, Башкы прокурорго ишти дыкат иликтеп чыгып, тез арада күнөөлүү кызматкерлер жазалансын деген тапшырма бергенине карабастан, Сабиржан Абдикаримов жазадан кутулуп кеткен. Эми минтип, балпайган министр болуп отурат.
Азыр дагы СПИДди жашыргандай Короновирусту жаап жашырса кандай болот?
Кезинде “Шприц окуясы” жана ага катышкан коррупциялык система үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүп келген Глобалдык фонд уюму биздин өлкө менен кызматташуудан баш тарткан.
“Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги ишеним жаратпайт” деген себеп менен көптөгөн донорлор гумжардам берүүдөн баш тартышы толук мүмкүн. Анда абал кандай болот?
Кечээ кызматка бекитээрде бир да депутат аталган окуялар жөнүндө оозанып сурап койгонго жараган жок. Же беткаптын ичинен көрбөй калыштыбы?
Азыркы кырдаалга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык дары-дармектерди, атайы жабдууларды тендерсиз, түз келишимдин негизинде сатып алып жатканын эстесең далай чуулгандуу окуяларга эшик ачылганына күбө болушубуз мүмкүн.
Иши кылып анын бары министрдин бет кабы сыйрылганда белгилүү болот окшойт”.
Эске сала кетсек, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдикаримов Сабиржан Токтосунович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg