www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыктылардын арасын толуктап келе жаткан, саясаттан башы бирден көрүнсө, бирде көрүнбөй, келечектеги белгилүү саясатчы боло турган Жамалбек Ырсалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына балалык кезин эстеп, ошол кездеги бир бүртүм окуясын жазып чыкты.
Нан
1986-жылы (4-класста окуйм) колхоздун контрагына төктүрбөй ыйлап бир көзү чекир, төрт буту ала аяк тайды атамдын кадырын салып алып калдым. Күз келип колхоздун чөбү менен жеминен короодогу акындын ичине казып туруп, катып койгон ороого толтура Жапаркул байкем 72-02 НА деген Газ-53 машинасы менен ороо толтура куюп берип кетти.
Күздүн күнү жайлоодон семиз түшкөн тайды эрте жазда үйрөтүп мине баштадым. Бир күнү сакоо чыгып ооруп калса болобу. Анан жалына бет аарчы байлап коюп, мурдунан аккан маңкасын тазалап эркелетип бактым. Ал арпаны жегиси келбей жатканынан атама айтып кичине буудай берип көрөйүн десем, буудайды да беш-алты чайнамыш болуп, ыргыштап-чапчып чылапчынды көңтөрүп салды. Атам көзү сокур болгондуктан менин "таак-таак" деп кыйкырганымды угуп, "эмне болду" деп сурады.
-"Чекир тай буудайды жебей төгүп салды", - дедим.
-"Ааа балам, бул жаман жөрөлгө...тарткылыгыңарга аз калган экен. Жарым мүшөк талканга 1916-жылы Үркүндө кыз алмашып, уйгурга таштап келген элек. Анан нанга жаңы жетип кесир кыла баштаганда 1941-жылкы согуш чыгып, эл ачкадан машак терип калдык. Эми биз эмес жылкы буудай жебей ыргыштап калган тура. Бул жакшы эмес балам", -деп, үнү каргылданып барып, чөнтөгүндөгү мүйүздөн жасалган чакчасын алып чыгып, алаканына толо насвайды оозуна салып жибергенин эстейм...
Айтып оозун жыйганча 1990-жылдагы каатчылык башталды. Биринчи нанды талон менен ченеп берип баштаган. Кийин талонду да таппай калдык. Буудай эмес арпага жетпей, жегенге нан жок кыйналдык. Атам Самарбек келип:
-"Элебей эле жуургулачы, баары кебеке кетип ун коромжу болуп жатат", - деген чечим чыгарды. Арпа нандын эленбегенин жедик...
Чай
Кургак чай деген азап болду. Чымкентте жашаган Карлыгач эжем "посылка" салып жиберет эле. Ичинде пилдин сүрөтү тартылган Индия чайы ар дайым болчу. Мүсүйра апамдын "Көк дүкөнү" менен Шаймерден атамдын "Таш дүкөнүнө" келген грузин чайларынын жакшысын атам Ырсаалыга биринчи жиберип турган. Баягы тандап ичкен Индия чайы тургай, грузин чайдын чамасына жетпей калдык. Нанды күйүп калган жерин ак чайнеке чылап коюп, кызартып чай ордуна күйгөн нанды ичип калдык.
Самын
Самын - деген каралбай эле, ар кайсыл жерде жатаар эле. Баягы атыр самын, ак самын деп эркелетип, жытын тандап жуунган самынга жетпей калдык. Бир жолу эшиктин алдындагы ак таштын үстүнө самындын алкындысын унутуп калган экенмин. Люси деген Газмановун баласы ырдап чыккан, ырдагы иттин атынын урматына Жалилбай " Люси"-деп койгон тик кулак итибиз бар эле. Кашайып ошол самындын алкындысын жеп алган экен. Так ошол ит жеп жаткан учурда жеңем (энем) жумуштан кайтып келе жатыптыр. Кирип эле:
-"Самынды эшике ким таштады", - деп кыйкырганда чуркап эле эшике чыгайын десем, олбурлуу колу менен дубалга жабыштыра койду.
-"Мээң менен кара жерге кир. Самын жок болуп жатса итке жедиресиң", - деп...
Тамеки
Байкем (атам) Астра деген тамеки гана чегээр эле. ВТ, Космос деген чыпкалуу тамекинин фильтрлерин жулуп-ыргытып. Кебез соргонсуп "моокумум канбайт" деп. Боломорканал деген тамекинин жарымы эле кагаз болбосо өзү ачуу жакшы тамеки, бирок, Астрага жетпейт деп коюп.
Бир күндө эки куту тамеки тартаар эле. Анан талонго түшкөн тамекинин азабын тарттык. Кошуна колоң, тууган-туушкан баарынан тамекинин талонун чогултуп келебиз. Ал эч нерсеге жетпейт. Арак ичип келгенде Жалил экөбүздү жолго чыгарат да тамекинин чала тартылган калдыгын чогулттурат. Ошол кездеги элдин баары тамекини колунун бармагы менен сөөмөйүнө эптеп илинип калганга чейин тартышат. Чөптү сындырып алып тиштеп туруп соруп ыргытышат... Ошентип жыргаткан калдык деле табылбайт. Аны чогултуп келип, ушалап туруп үйдөгү саргайган "Правда"-деген СССРдин гезитине ороп туруп шилекейлеп чаптайт да анан бизге тамеки тартпагыла, арак ичпегиле деп акыл үйрөтөт да жатып калат...
Арак жана кой
Кайран колхоз тарагандагы кырылган койлор. Баасы бир бөтөлкө спиртке семизин тандап алып барсаң да, кичирээк экен чоңун алып кел дейт. Азыр ушуну алып тур кийинкисин чоңун тандап келем деп, аке-жакелеп албарстыдай жалынып жатып эптеп спиртке алмашабыз. Кытайдын спиртинен 200 грамм куюп үстүнө 200 грамм тоонун суусунан аралаштырып, бөтөлкөнү тоңкойтуп туруп, түбүнө бир муштап жиберип, бопбоз боло түшүп барып, тунуп калса жакшы спирт экен дейбиз да, шыңгытабыз. Чала өлгөн жыландай болуп калдык деп, кайра койго жөнөйбүз. Качан гана атка араң минип калганда нары-бери ооп камчыланып, кыйкырып бакырып үйгө жөнөйбүз. Кайсы убакта келип, жатып калганыңды деле билбейсиң. Турсаң башың ооруп, ичеги-карының аралашып калгандай болуп, соолуп жатмай. Экинчи арак ичсем катын болойун деп коюп эле, катын деле боло албадык, же аракты койго алмашканды койо албадык...
Бит
1992-жылы жапырт биттедик. Аялы деле эркеги деле биттей баштады. Бири биринен уялымыш болгон менен элдин баары биттеди. Биттерди чогултуп туруп, бармак менен барсылдатып сыккандан ырахат алып, кудум биттен өчүрбүздү алгандай маашырланып, отуруп калаар элек. Сирке деген немени трусы менен майке тургай, көйнөктүн тигишине чейин кырган күндөр өттү. Эми эле периште болуп калгансып, мени шылдыңдаган досторум да чыгат болуш керек. Бирок, Нарын эмес алыскы Оштогу тоолук досторумда деле ошондой абал болгон экен. Анакем экөбүз ушуларды сүйлөшүп алып аябай күлдүк...
Атам ыраматылык Сүйүнбаев Ырсаалы так ошол бит баскан 1992-жылы акыретке сапар алды. Атам байкуш олуя чалыш адам эле.
-"Эми жашооңор оңолот балам. Элдин биттегени жакшы болду", - деп койду...
-"Бирок, нанды кордобогула. Мен бала болуп башыма жүн чыкканы ушул 88 жашка келгенче үч жолу адамдын кесиринен, нандын кусуруна кабылган турмуш көрдүм. Бул ачарчылык эң жеңили. Себеби, Үркүндө Кытайга азап менен барып келдик. Согушта асмандан ок жамгырдай жаады. Азыр эмне үстүнөрдө үйүңөр бар, мекенибизде согуш жок. Бул Кудайдын тарбиясы. Кесирибиз башыбыздан ашкан кезде, силкип коюп турат", - экен да деп койоор эле.
Былтыртан бери кайра-кайра жаздым. Мечиттен кайыр сураган эже ысык нанды албастан мага акча керек дегенин, бир чоңдун үйүнө барсам аялы күрүчтү унитазга куюп жибергенин жаздым...
Быйыл бизди Кудай сынап жатат. Мени кечирип койгула, туура эмес десеңиздер да өз ишиңиздер. Бирок, ашыкча кесир кылып, итибиз нан жебей, таштандыга нан ыргытылып жатканын канча какшап жаздым. Эми Кудай жеңилинен берсин.
Азыр да кеч эмес, тообо кылып Жараткандан кечирим сурайлы. Кайрымдуулук менен кошо үй-бүлөбүзгө мээрим төгүп, бири-бирибизди колдоп жардам берели. Байдын байлыгында кедейдин үлүшү бар. Баймын деген баарыбыз жардылар менен колунда жок,жетим-жесирлерге жардам берели. Соопчулук кылганга сонун шанс. Пайдаланып калалы.
Бардыгыңыздарга ден-соолук, сабыр жана ынтымак каалайм. Сиздерди аябай сүйөм. Мен туура эмес сөз сүйлөп, орой мамиле кылып алган болсом кечиргиле. Сиздерге бакыт каалайм.
Урматым менен Жамалбек Ырсалиев
Булак: NazarNews.kg