www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы төрөлгөн ымыркайдан вирустун жаңы түрү аныкталды

Швециядагы илимпоздор энесинде COVID-19 диагнозу бар жаңы төрөлгөн ымыркайдан "SARS-CoV-2 у" деген коронавирустун түрүн аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Мальмё ооруканасына кош бойлуу аял катуу ич оорусу менен кайрылган. Ошол эле учурда наристеде кычкылтек жетишсиздигинен улам жүрөктүн кагышы нормалдуудан төмөн болгон. Аялга кесарево операциясы жасалып, коронавируска анализ тапшырылып, жыйынтыгы эне үчүн да, ымыркай үчүн дагы оң натыйжа берген. Вирустун геномун анализдөөдө наристе инфекцияны төрөлгөнгө чейин жуктуруп алгандыгын көрсөттү.

Алгачкы изилдөөлөр көрсөткөндөй, эне менен баланын вирустары бирдей болгон, бирок экинчи анализдин жыйынтыгында жаңы төрөлгөн ымыркайда вирустун жаңы түрү бар экени аныкталган.

Лунд университетинин ооруканасынын акушер-гинекологу Мехрен Зайгам: "Бул коронавирустун төрөлгөнгө чейин, түйүлдүккө жуккандыгынын өзгөчө шарттарындагы генетикалык өзгөрүүлөрдүн биринчи учуру", - деди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости