www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы шаарында 18 жаштагы студент кыз, жаңы төрөлгөн ымыркайын өзү жашаган жатаканадан алыс эмес жердеги таштандылар салынчу контейнерге таштап кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Анда айтылгандай, жай тургун таң эрте таштандыдагы наристени көрүп калып, дароо милицияга кабарлаган. Жыйынтыгында, Алматыдагы ЖОЖдордун биринде билим алып жаткан, 2-курстун студенти кармалган. Милициянын берген маалыматына караганда кыз бөлмөсүндө өз алдынча төрөгөн.

Андан соң, ымыркайын киндиги кесилбеген калыбында өз колу менен таштандыга ыргытып келген. Тез жардам келгенде ымыркай тирүү болгон. Тилекке каршы, ал табылгандан бир нече сааттан соң чарчап калган. Ал эми жаш эне оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости