www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Саламатсызбы Кадыр мырза, эртең 28-июнда “Достук” мейманкасында Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөрдүн биримдиги – КУМКБ түзгөн, Туруктуу Элдик Кеңештин жыйыны болоору күтүлүүдө. Күн тартибинде кандай маселелер каралат?
-23-майда өткөн Улуттук Курултайдын чечимдеринин аткарылышын жөнүндө маселе каралат. Коомчулук жакшы билгендей, болуп өткөн Курултайда негизенен эки чечим кабыл алган элек. Биринчи Элдик Курултай институтун бийлик бутактарын көзөмөлдө жана багыт берүү укугу менен мыйзамдаштыруу, 2-КР паспортунда улутун ачык так жазуу маселелери көтөрүлүп, бийлик бутактарына жөнөтүлгөн.
-Бийлик бутактарынан кандай жооп болду?
-Албетте, жооп болду. Тилекке каршы,катардагы эле көңүл кош маани берилген “Сиздердин каттар каралып жатат, тиги же бул жака жөнөтүлдү”, - деген мазмундагы гана жооптор келди.
-Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөрдүн биримдиги - КУМКБ президенттик шайлоого карата өзүнүн бирдиктүү талапкерин алып чыгабы?
-Бизде бул маселе боюнча бир канча айдан бери ич ара сүйлөшүүлөр жүрдү. Улуттук Мекенчил көз карашты карманган, Курултай институтун мыйзамдаштырууну туура деп эсептеген талапкерлер жана эл жүгүн тартууга татыктуу инсандар биздин кыймылдын ичинде да жок эмес. Алсак, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Садыр Жапаров, Турсунбек Акун, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бейшенбек Абдразаков, ошондой эле коомчулук анча таанылбаган жаштардын арасынан дагы жарышка катышышы мүмкүн.
-Булардын ичинде президенттикке ат салышаары жөнүндө Ахматбек Келдибеков ниетин ачык билдирбедиби? Бул талапкер жөнүндө Сиздин пикир кандай?
-Ахматбек мырза, Жогорку Кеңештин төргасы болуп бийликтин бир бутагынын башында турган мезгилде эле, Улуттук маселелерди колдоп келген. Элдик курултай маселесин ар дайым сөз жүзүндө эле эмес,бул идеяны ишке ашырууда колунан келген жардамын аябай келе жатат. Жакында эле “Ак элечек энелер”, “Сүмөлөк - 2017” долбоору сыяктуу улуттук иш-чараларды чын-дили менен ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келе жатканын Кыргыз коомчулугу жакшы билет.
-Сиздин оюңузча, алдыдагы президенттик шайлоо кандай өтүшү мүмкүн?
-Менимче үч топтун ортосунда каттуу таймаш жүрөт. 1-топ бийлик, 2- топ акчасына ишенгендер, 3-топ Улуттук Мекенчил идеолгияны карманган тарап. Ушул жолу кел-кел кыргыз элинин Улуттук баалуулуктарынын негизинде өнүгүүнү программалык багытына киргизген тайпага жүзүн бурганы турат. Эгер Улуттук Мекенчил Күчтөр ынтымак биримдикке келип, ишмердүүлүгүн туура, ыктуу эл менен тыгыз иш жүргүзсө ийгиликке жетишет деген ойдомун. Так ушул топтун ичинде Ахматбек Келдибеков бар.
-Рахмат.
Эске сала кетсек, эртең 28-июнда саат 11:00 до “Достук” мейманканасында Кыргызстандагы Улуттук Мекенчил күчтөрдүн биримдиги – КУМКБ түзгөн, Туруктуу Элдик Кеңештин жыйыны өтөт.
Биз менен маекте ТЭКтин төрага орун басары Кадыр Кошалиев болду.
Булак: NazarNews.kg