www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бар болсо айтып мактанба,
Жок болсо жок де актанба.
Байлык бул эл журт тынч болуп,
Балдарын болсо арканда – деген саптардын ээси, куудул Жылдызбек Абдраимов менен чыгармачылыгын айланасында чакан маек кылмакчыбыз.
—Жылдызбек мырза, орозоңуз кабыл болсун. Канчажылдан бери орозо тутуп келесиз?
—Орозо кармап жүргөнүмө он жылдан ашуун убакыт болуп калды. Ортодо бир жыл ден-соолука байланыштуу кармай албай калгам.
—Акыркы учурда чыгармачылыгыңыз солгундапбараткандай. Дегеним, сиз жоро—жолдошторуңузменен түптөгөн «Жоролор» тобу эл алдынан алыстапкетти өңдөнөт?
—Туура айтасыз, бир топ убакыттан бери көр тирликтин түмөн түйшүгүнө алагды болуп чыгармачылыкка көңүл бура албай калдык. Бул нерсени моюнга алабыз. Бирок, орозо айында тамашалуу үч ырга клип тарттык. Буюрса алдыдагы күндөрдө эл сынына коебуз. Ал эми август айында жаңы сатира, тамашалар менен Бишкекте чоң концерт өткөрүү планыбыз бар.
—Эл ичинде кыргыз сатирасы киндиктен ылдый түшүп баратат деген кептер айтылууда. Сиздин пикир кандай?
—Жоролор тобунун бир дагы сатирасында киндиктен ылдый же адамдардын абройуна шек келтире турган тамашалар айтылбайт. Дегеним, ар бир тамашанын керек болсо айтылган ар бир сөздүн айланасында кенен ойлонуп, кеңешип анан эл алдына тартуулайбыз. Бирок бир карын майды бир кумалак чириткен сыңары куудалдардын арасында киндиктен ылдый түшүп кеткендери дагы жок эмес. Бир сөз менен айтканда ар ким өз деңгээлине жараша күлдүрөт.
—Бүгүнкү күндө кандай тамашаларга суроо-талап жогору?
—Учурда бешиктеги баладан, бели бекчейген карыяга чейин саясат менен жатып, саясат менен туруп калбадыбы. Ушул нерсенин таасиринен уламбы айтор эл саясий сатираларды көрүп, куудулдар саясатка басым жасап калды.
—Саясат демекчи өлкөбүздөгү саясий партиялардын бири менен тыгыз кызматташып жүргөнүңүздү көрүп калабыз. Саясатчы болуу оюңуз барбы?
—Саясатка аралашайын, саясатчы болоюн деген деле ой жок. Болгону сиз айткан партиянын маданий иш чараларына колдон келишинче жардамымды берип жүрөм.
—Көп жылдардан бери ыр жазып, поэзия жанрына дагы ыктап келесиз. Айрым ырларыңызга обон чыгып эл ичинде ырдалып жүрөт. Сиз үчүн ыр жазуу эмне?
—Ыр жазам. Бирок, кубалап жазгандардын катарына кирбейм. Кез-кезде эргүү келгенде калем кармап кагазга түшүрүп коймоюм бар. Жети, сегиз ырыма обон жазылды, колум жеңил болуп баары хит болду (күлүп). Коңшу казак туугандар дагы айрымдарын өз тилине которуп ырдап жүрүшөт. Эң биринчи «Айганыш» деген ырыма Сыймык Бейшекеев обон жазган.
—Сизди жакындан таанып билгендер Жылдызбек адабиятка аралашса мыкты жазуучу чыкмак деп жүрүшөт?
—Адабиятты абдан жакшы көрөм. Орозодо Олжобай Шакир агам түптөгөн РухЭшти тим эле жыргап окуп атам. Айрыкча Ашым Жакыпбеков атабыз которгон «Бейтааныш аялдын каты» тим эле укмуш чыгарма…
Руслан Замирбек уулу
Булак: «Мантыш»