www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдык дем алышта калкты тейлөө борборлору иштейби?

Калкты тейлөө борборлору менен жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү (ЗАГС) жаңы жылдык дем алышта иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Эске салсак, министрлер кабинети 2022-жылдын биринен 9-январына чейин кыргызстандыктар эс ала турганын жарыялаган. Бул күндөрү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин бөлүмдөрү өлкө аймагы боюнча иштебейт, 10-январда гана ачылат.

Быйылкы жылдын соңку күндөрүндөгү график:

29-декабрь — 09:00дөн 18:00гө чейин;

30-декабрь — 09:00дөн 18:00гө чейин;

31-декабрь — 09:00дөн 17:00гө чейин. Майрам алдындагы иш күн бир саатка кыскарат.

Министрлик даяр болгон документтерди алып кетүүдө жана каттоо маселелерин чечүүдө алдыдагы дем алыш күндөрдү эске алууну сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости