www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоодо №31 Чүй-Кемин округунан жеңүүчү болгон Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу анын тарапташы Кайрат Чокеев билдирди.

Жогорку сот Саккараев боюнча кабыл алынган чечим тууралуу маалымат бере элек.

18-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар экени такталган деген негизде аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Саккараев БШКнын чечимин сотко берип, Бишкек административдик соту Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырган.

Саккараевдин тарапташы Кайрат Чокеев Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги Миграция кызматына таянып Саккараевдин казак жарандыгы жоктугу боюнча кат жолдогонун билдирген.

Шайлоодо Саккараев өз округунан эң көп добуш алган (9 906). Бул добуш бергендердин 24% түзөт. Тынайбек Жансеитов 8 551 (21,4%) добуш менен жарышта экинчи болуп келген.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Чүй - Кемин округу боюнча Жогорку соттун чечими чыга элек болгондуктан кечигип жаткан.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Алардын 54ү партия менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости