www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейбаштыкка айыпталган «Нахш» алтын кен компаниясынын башчысы, тажик президенти Эмомали Рахмондун жээни Амриддин Нахшов айып пул менен чектелип, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду.

Нахшовду коштогон бир нече киши 16-майда «Фароз» компаниясы менен келишимдик негизде иштеп жаткан «Мину Фарм» компаниясынын кызматкерлерине кол салган.Тергөө органдары мушташтан ондой киши жабыркаганын, алардын төртөө бычактан жаракат алганын кабарлашкан. Жабырлануучулардын арасында чайыр чөптү чогултуу үчүн келишим түзүүгө келген төрт ооган жараны да болгон. Окуя компания ижарага алган кызматкерлердин биринин үйүндө болгону, эки тараптан жыйырмадай адам катышканы айтылган.

Шектүүлөрдүн баары аларга тагылган айып боюнча комментарий беришкен эмес, «Мину Фарм» компаниясынын жетекчилиги болсо өз катында аларды күнөөсүз деп атаган.

Амриддин Нахшов жана анын шериктерине өкүм июлдун аягында эле чыккан. Бирок бул иш боюнча кеңири маалымат «Озоди» радиосунун колуна эми гана тийди.

Маалыматка караганда, Нахшовго 60 миң сомони ( 6 миң доллардын тегереги) айып пул салынган. Ал бул сумманы төлөгөн-төлөбөгөнү белгисиз.

Анын беш шериги мушташка катышуу жана денеге оор залака келтирүү айыбы менен 3төн 5 жылга чейин эркинен ажыратылган. Дагы төртөө Нахшов сыяктуу айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Амриддин Нахшов Тажикстан президентинин аялынын жээни. Ал мурун банкта иштеген, учурда алтын өндүрүүчү «Нахш» кенин жетектейт.

«Мину Фарм» компаниясы Тажикстанда чайыр чогултууга уруксат алган бирден бир компания. Бул ишкананын тажик президентинин күйөө баласы Шамсулло Сохибовго таандык мурдагы Фароз» компаниясы менен байланышы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости