www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров абакта отурганда ага кол салуу болгон окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу премьер-министр BBC'нин кыргыз кызматына маек берип жатып билдирди.

Журналист: - Маектин башында сиз баарын ачык айтып берүүгө убада кылдыңыз. Ошондон улам сурай турган маселе, сиз абакта жатканда бир күнү кызыл-жаян канга боелуп, кол салынганы тууралуу видео, сүрөт жарыяланды. Көп өтпөй сиз шок абалда өзүмө өзүм кол салдым деген билдирүү кылдыңыз эле.

Садыр Жапаров: - Бул сурооңузга мен азыр жооп бербей турайын. Анткени Алмазбек Атамбаев камакта жатат. Ошого байланыштуу бул. Ошон үчүн мен жооп бербей турайын. Моралдык жактан ага да туура эмес болуп калат. Мен кийин буга ачык жооп берем.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости