www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Айран ичкен кутулат, челек жалаган тутулат» деген кеп бар. Жапаров акча министри болуп бийликке келер менен Асылбек Жээнбеков жоопко тартыла баштады. Ал парламентте спикер болгон. Эгер парламентте спикер болгондордун барын кармай берсек, анда накта «волокита» жаралбайбы? «Кумтөр» маселеси боюнча комиссиянын төрагасы, азыркы Финансы министри Акылбек Жапаров деле «аппак карга» эмес. 2003-жылы Акаев «Центерраны» түзүп, ага бардык жей турган тешиктерди даярдап жатканда парламенттин депутаты Акылбек Үсөнбекович уктап жатты беле? Ошол мезгилде «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссия Акаевдин ишин актап чыккан. Үзөңгү-Куушту үзө чаап Кытайга бергенге ыракат алып жаткан Акылбек Үсөнбекович Акаевди мактап, анын кылган иштерине ыраазычылык билдирип жатпады беле? Ал депутат катары кол койгон эмес, бирок ошол кезде алтынга чөмүлбөй «Кумтөрдү» элге алып берсе сонун болмок. Эгер Акылбек Жапаровдун логикасын карасак, анда бардык 1991-жылдан берки парламенттин төрагаларын жоопко тартыш керек. Анткени, Бирнштейн келгенден баштап «Кумтөр» боюнча мыйзамдардын бары парламент аркылуу өтүп, канадалыктарга мыйзамдуу жол ачып берип турган. 1991-жылдан берки парламенттин төрагаларынын тизмеси:
Легендарлуу парламент (1990-1994-жылдар)
Спикерлер: Шеримкулов Медеткан (1991-92),
Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97).
Легендарлуу парламентте 350 депутат болгон. Легендарлуу парламент атка конгон эгемендүүлүктүн шарданы менен, ооздогу «скочту» сыйырып, ойго келгенди оттогон биринчи парламент ушул болду. Ал мезгилде ар бир чоң колхоздон бирден депутат шайлана турган. Ар бир райондон он-жыйырма депутат. Бары тең эле дудук болгондой унчугушпай колун көтөрүп берип коюшуп кете беришчү. 1989-жылы Москвада кызык башталды. СССР Жогорку Советинин депутаттары СССРдин Президенти болгон Горбачевду коколой баштады. Борбордук Азиядан барган депутаттар койдон жоош болуп отуруп беришти. Ошол мезгилде бизде президент шайланып, андан соң заман өзгөрүлүп, Кыргызстандын көктөн тилегени жерден табылып эгемендүүлүк алар менен, биздин депутаттарга да тил бүтө баштады. «Сыныктан башкасы жугуштуу»-дегендей, Москваны туурап, биздин парламент Москванын «ксерокопиясына» айланды да, кыргыз Сахаров, Собчактар пайда боло баштады. Ошол мезгилде 500 гектар жерди менчиктештирип ала койгон, тилинен чаң чыккан Шеримкулов спикер эле. Ал өтө куулук менен бийлигин бекемдегиси келип, премьер-министр Исановго куда түшүп, ачуу басарын, калыңын берип кызын алат. Ошол мезгилде эле Акаев кыргыздар бай-кедейге бөлүнсүн, кедей кедейдин кызын, бай байдын кызын алсын деген жазылбаган мыйзамды түптөп кеткен. Компартиянын күүсү менен 1991-жылга чейин жашадык. 1991-жылдан «итибиз чөп жебей», мурдубуздан суу шорголоп, жакырчылыктын сазына белибизден тыгылып, мамлекетибиз инфляция, коррупция, карыз сурамай деген дартка чалынды. Мына 30 жылдан бери ошол дарттан кутула албай, бийлик эл алдында куу тумшукка айланды. Улам бирин тумшугун талкалап кууп чыгат, анын ордун ээлегени, анын эски дартын жугузуп алат. Легендарлуу парламент Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамын, гимнин, туусун,гербин, улуттук валютасын кабыл алып, алтындын чыры менен тамам болду.Өкмөт башчылары: Апас Жумагулов, Исанов Насирдин, Иордан Андрей, Чынгышев Турсунбек, Алмамбет Матубраимов, Апас Жумагулов.
1-чакырылыштагы парламент (1995-2000)
Спикерлер: Myкамбаев Усуп (1997-2000),
Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97) (көзү өтүп кетти),
Матубраимов Алмамбет (1997-1998),
Эркебаев Абдыганы (1998-2005).
Акаевдик «жут» бийликтин жуда гүлдөп жаткан учуру. Айыл элин баккан колхоз-совхоз, завод-фабрикалар таланып-тонолуп эл жакырчылыктын кырына жеткени менен, Акаев үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланат.1995-жылы 5-февралда Эл өкүлдөр жыйынына 70, мыйзам чыгаруу жыйынына 35 депутат шайлоо округдарынан шайланып келип, өкмөттөрү чайнап-жей баштайт: Апас Жумагулов, Борис Силаев, Кубанычбек Жумалиев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев.
2-чакырылыштагы парламент, (2000-2005)
Спикерлер: Эркебаев Абдыганы (1998-2005),
Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005)
Экинчи чакырылыштагы акаевдик парламент 2000-жылы 20-февралда шайланып келип, 2004-жылдын аягында тараган. Үзөңгү -Кууш Кытайга сатылат. Аксыда 2002-жылдын 17-мартында «Тайфун» операциясы ишке ашып, акаевдик бийлик элге ок аткан. Танаевдик өкмөт Акаев менен кошо жоголот.
3 чакырылыштагы кошелектуу-базарком парламент, (2005-2007)
Спикерлер: Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006),
Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007).
Бул чакырылыштагы парламент чуу менен башталып, Акаевдик бийликти жыгып келди. Өмүрбек Текебаев спикер болуп турган бул парламент кандуу болот. 2005-жылы жайында депутат Жыргалбек Сурабалдиев, күзүндө депутаттар: Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев атылат. 2006-жылы жазында спикер Өмүрбек Текебаев спикерден кетип парламенттин бир топ депутаттары менен оппозицияга өтүп, Атамбаев менен биригип «Реформа үчүн» кыймылын түзөт. Спикерликке Марат Султанов келет. 2006-жылдын апрель-май айы митингдер менен өтөт. 2006-жылдын күзүндө үлкөн митингдер менен оппозициянын Башмыйзамы кабыл алынат. 2006-жылдын декабрында бийлик кайрадан Башмыйзамын парламенттен өткөзүп, 2007-жылдын башында Куловдун өкмөтү отставкага кетет. Өкмөт башына Азимбек Исабеков келет. Бирок, анын өкмөтү узакка созулбайт. Мурунку өкмөт башчы Кулов бийликке каршы «Бириккен, фронтун» түзөт. Оппозицияга көпүрө болом деп Атамбаев өкмөт башына келет. 2007-жылы апрелде оппозицияга оор сокку урулат, күзүндө жаңы Башмыйзам кабыл алынып, 3- чакырылыштагы парламент «харакири» жасап тарайт. 2005-жылы тандемдин негизинде Кулов өкмөт башына келет. Премьер-министрлерге «түшүмдүү» жыл 2007-жыл болгон. Кулов, анан Азимбек Исабеков, Алмазбек Атамбаев, Акылбек Жапаров, Искендербек Айдаралиев, Игорь Чудинов.
4 чакырылыштагы парламент, (2007-2010)
Спикерлер: Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007),
Тагаев Айтибай (2008-2009),
Курманов Зайнидин (2009 -2010).
Исхак Масалиев (2010).
«Ак-Жол» партиясы 71 мандат менен көч башында турган, СДПК 11 мандат, Коммунисттер 8 добуш менен келишкен. 2007-жылдын 16-декабрында «Ата-Мекен», «Асаба», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан» партиялары жыдып калышты. «Ак-Жол»» 90 депутаттын ичинде бештен төрт орунун ээлеп, бир добуштан Адахан Мадумаровду спикерликке дайындап ал аскердик-регламент киргизип, жаңы келген депутаттарды «нөлөбөй класстын» окуучуларындай бекем тартипте кармаган. Жаңак иштери боюнча Мадумаров тоңкосунан кетип, ордуна 2008-жылдын майында «Итибай-Чотубай» депутаттын бири Айтибай Тагаев келет. «Тоо сатар» Тагаев ар кимге мурдунан жетелетип, ЖКны «оптом» сатып ийерде, СДПК менен ККПны токолдун балдарына теңеп, өзүн байбиченин баласы катары сезген Зайнидин Курманов 2009-жылдын аягында спикер болот. Апрель революциясынан соң Орусияга кире качкан спикер Зайнидин Курмановго Москвадан келип парламенттик жыйын өткөрүүгө депутаттар үндөгөн. Бирок, Убактылуу Өкмөттөн чоочулаган спикер Москвадан келбей койот. Анын ордуна спикерликке Исхак Масалиев көрсөтүлөт.
5 чакырылыштагы парламент, (2010-2015)
Спикерлер: Келдибеков Акматбек (2010-2011)
Жээнбеков Асылбек (2011-2016).
10.10.10 ыңаалап ыйлап бул дүйнөгө 120 депутат жарыкка келди. СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» менен биригип коалиция түзүү тилеги кабыл болгон жок. «Республика» партиясы СДПК, «Ата-Журт» партиялары менен коалиция түзүштү. Парламент спикерлигине «Ата-Журт» партиясынан Ахматбек Келдибеков, өкмөт башчылыгына Алмазбек Атамбаев шайланды. 2011-жылы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен СДПК фракциясы «Республика», «Ар-Намыс», «Ата-Мекен» партиялары менен жаңы коалиция түзүп, спикерликке СДПКдан Асылбек Жээнбеков келди. 2012-жылдын сентябрында СДПК кайрадан «Ата-Мекен», «Ар-Намыс» партиялары менен жаңы коалиция түзүп, Бабановдук өкмөт отставкага кетип, СДПКнын көрсөтмөсү боюнча «Бакубат Кыргызстан» партиясынын лидери Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башына келди. Андан соң Жоомарт Оторбаев, Темир Сариевдер болушту.
6 чакырылыштагы чимкирик парламент, (2015-2020)
Спикерлер: Жээнбеков Асылбек (2011-2016)
Турсунбеков Чыныбай Акунович (2016-2017)
Жумабеков Дастан Артисбекович (2017-2020)
Мыктыбек Абдылдаев (2020),
Мирлан Бакиров (2020),
Канат Исаев (2020),
Талант Мамытов (2020 жылдан бери).
Мыйзам боюнча бул парламенттин иши 2020-жылга чейин эле болгон. Бирок кенебей жатышып бир жылга узартып алышты. Алтынчы чакырылыштагы парламент эмнеси менен мактана алат? Атамбаев өзү түзгөн парламентти “чимкириктер” атка кондурду. Анын алдында чөгөлөп жүрүшкөн депутаттар, тез эле учурдан пайдаланып Жээнбековдун алдында чөгөлөп калгандарын билбей калышты. Жээнбековдун бийлиги капыстан тамам болгондо, каякка чөгөлөөрүн билишпей, депутаттар бүтүндөй эстен танышып, спикери Дастан Жумабеков баш болуп шалдырап калышкан. Эми акыркы ирет кайсап алалы деп катуу аракетке киргендей. Эл эмне болсо ошол болсун дешип, электрге бааны көтөргөнү турушат, жол кире кымбаттаса эмне, биз кызматтык унаа менен жүрбөсөк Камчыбек Жолдошбаев урушат дешет. Бул парламент тарабаса казиного жол ачкандай, эми сойкуканаларга уруксат берет.
Парламенттин санжырасы мындай алтынчы чакырылыштагы парламент, 2015-жылы жарык дүйнөгө келген. Бул парламентке 6 партия өтүп келип, 6 фракция түзүлдү, Гиннеске жазыла тургандай 8 өкмөт башчысы болду. Өкмөт башчылары: Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков, Мухаммедкалый Абулгазиев, Кубатбек Боронов, Садыр Жапаров, Артем Новиков (милдетин аткаруучу), Улукбек Мариповдор.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg