www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко бүгүн, 23-январда, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты.

Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат.

Президент Садыр Жапаров кыргыз жана белорус элдеринин достук байланыштары кылымдар бою сыналып, бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Тараптар аймактык интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кыргыз-белорус кызматташтыгын активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости