www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев аркарга аңчылык кылууга уруксат берүүнү сунуштап коомчулукта катуу сынга кабылды. Парламентарийдин айтымында, жылына 70 гана лицензия берилет, бул 1 пайызга да жетпейт. Ал бул аз деп эсептейт. 
Бул туурасында Балбак Түлөбаев 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында балп эткен болчу. Аны Акылбек Жапаров дагы колдоп, маселени карап чыгууга убада берген. 

Түлѳбаев ѳз сѳзүндѳ: «Силер дүйнө жүзүн кыдырып, инвестиция тартуу боюнча мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасыңар. Ошол эле учурда аңчылыкка мораторий киргизилген. Мен жаныбарларды коргоо керек экенин түшүнөм. Аркарлардын саны 25 миңдин тегерегинде болсо, жылына 70 гана аңчылык лицензиясы берилет, бул 1 пайызга да жетпейт. Мындан улам Жети-Өгүз району жылына 14 миллион сом чыгымга учурайт. Бул да акча. Ушул маселени карап, аңчылык кылууга уруксат берүүңүздөрдү суранам», - деп ыйламсырап министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго кайрылган. 
Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы бул маселени кароого убада берип: «Туура айтасың, аңчылык туризмдин эң кирешелүү тармагы. Канчалык жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салсак, Өзбекстан менен Казакстан ошончолук аңчылык кылууга уруксат берген лицензиялардын санын көбөйтөт. Анан туристтерди өздөрүнө азгырып келишет. Биз жакын арада бул маселе боюнча негиздүү сунуштарды киргизебиз”, - билдирген.

Ошондон бери коомчулукта “кошоматчы” Түлѳбаевдин оозу аркылуу аркар-кулжаны атуу маселесин Акылбек Жапаров атайын жыйында кѳтѳрттү деген сындар айтылууда. Чынында мындай пикирлердин жүйѳѳсү бар. себеп дегенде бюджетти толтууруга каражат таппай карайлап турган Жапаров, элди салык менен саап жатканы аз келгенсип, эми жапайы жаныбарларга кол салганга ѳттү. 
Кызыгы, коомдогу айтылган ачуу сындарга чычалаган Балбак Түлѳбаев, социалдык тармактарда сын айткандар менен комментарий жазышып, актанып эси ооп жатат. 

Маселен Түлѳбаев кайсы бир комментарийинде: “Аркар кызыл китепте. Кыргыз жараны атканга болбойт. Биз чет ѳлкѳлүк жарандарга деп жатабыз. 25 миң аркардан жылына 70 атылат. Ал да акча. Түшүнүп туруп урушкыла мени. Бюджетке 200 миллион сом түшѳт”, -деп догурунган. 

Мына логика. Балбак канча аркар бар экенин кайдан эсептеп чыкты деген суроо туулат? Андан дагы Жапаров экѳѳ кузгунча эле кызарган жердин баарын чокуй беришет тура. Экология, жаратылышка зыяныбыз тийип калбайбы деген түк түшүнүк жашабайт экен.

Последние новости