www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров Ош мэриясын сынга алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насос станциясына барды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жамгыр көп жааган маалда Ак-Буура дарыясынын суусу ылай болуп, мындан улам ичүүчү суу токтотулуп жаткандыгы айтылды.

Жапаров Ош шаарынын мэриясынын жарандарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишин сынга алды.

«Мен өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган элем, бирок Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңыздар, ээлеген кызматтарды бошотуңуздар. Маселени чече ала турган адамдар чыгат. Ичүүчү таза суу — адамдын эң негизги муктаждыгы», - деди Акылбек Жапаров.

Ал так эсептөө жүргүзүп, жакын арада маселени чечүү жолун сунуштоону тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости