www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жетип калды. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөрүп жаткан жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстандын карызынын көлөмү 4,7 миллиард долларга жетти.
"2023-2030-жылдары эң чоң суммадагы карыздарды төлөй баштайбыз. Тагыраагы, жети жыл ичинде 3,9 миллиард доллардан кутулушубуз зарыл. Анын 50 пайыздан ашыгы (1,95 миллиард доллар) коңшу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын алдындагы бересебиз. Айла жок, баарын төлөп беребиз", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январь-ноябрь айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 28 222,7 миллиард сом бөлүнгөн.
Булак: NazarNews.kg