www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Азимбек Анаркулович, тунгуч президенттин Кыргызстанга экинчи жолу суракка келип, таптакыр акталганы тууралуу чуулгандуу интервьюсу менен 2021-жыл жыйынтыкталып жатат. Сиз Кумтөр маселесин изилдеткен, Акаевдин жана анын жакындарынын үстүнөн кылмыш козготкон, Акаевди экс-президент макамынан ажыраткан биринчи башкы прокурор катары айтыңызчы, деги Акаевге качан жана канча кылмыш иши, алар эмне үчүн козголгон, мурда ал эмне үчүн суралган эмес?
-- Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап коёюн. 2021-жыл элибиз үчүн саясый реформалардын жылы болду. Элибиз башкаруунун түрүн аныктады. Ага ылайык, жаңы Баш мыйзамдуу болду, жаңы мамлекет башчыбыз Садыр Нургожоевичти шайлады, жаңы 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлады. Эми Жаңы жылда элибизге президентибиз аныктаган улуттук кайра жаралуу багытындагы реформаларга активдүү катышып, адилетүү коом, бакубат, тынч жашоо үчүн жан-дүйнөнү жаман адаттардан, өңчөй саясаттан арылтып, таажы тумоосун биротоло жеңип, ден-соолукта, ынтымакта жашоону, бакубат турмушту каалайм.
Эми Акаев боюнча суроолоруңа жооп берейин. Акаевдин жана анын жакындарынын катыштыгы бар деп шектелген, мамлекетке келтирилген жалпы зыяны 555 292 215 сомдук жана 32 393 550 АКШ доллар өлчөмүндөгү зыяны аныкталып, анын 206 877 560 сомдугу тергөө учурунда өндүрүлгөн, 1 403 497 270 сомдук жана 160 миң евро жана 480 миң АКШ долларлык ар кандай мүлкү камакка алынган. 2005-жылкы март революциясынан кийин 102 кылмыш иши козголгон.
Анын ичинен түздөн-түз Акаевдин жеке өзүнө - 3, премьер-министр Н.Танаев менен бирдикте - 6, уулу Айдарга байланыштуу - 5, күйөө баласы А.Тойгонбаевге - 6, А.Акаев менен Майрам Акаеванын туугандарына байланыштуу - 17, Майрам Акаевага таандык «Мээрим» фонду менен байланыштуу - 28 кылмыш иши козголгон. «Алтын балалык» сыяктуу ондогон объектилер прокурордук протесттердин алкагында мамлекетке кайра алынган.
Бул айтылган зыяндын өлчөмүнө Кумтөр алтын кени жана айыл-чарбасына делинген кредиттердин зыяны кирбейт, алар миллиарддап эсептелет. Азыр УКМКнын тергөөчүлөрү тергеп жаткан кылмыш иш да бир эле Акаевдин үстүнөн козголгон жок, жалпы Кумтөр алтын кениндеги мыйзам бузуучулуктар боюнча козголгон. Ушуга катыштыгы бар адамдар, анын ичинде Акаев дагы баары ушул иш боюнча өтүп жатат.
Ал эми Акаевдин катыштыгы бар Кумтөр алтын кени боюнча мурдагы кылмыш иш 1-жолу 1993-жылы ошол кездеги парламент тарабынан түзүлгөн алтын комиссиясынын чыгарган тыянагынын негизинде, баш прокурордун орун басары Т.Чильникина тарабынан козголгон. Ал иш кийин кыскартылган. 2005-жылкы Март ыңкылабынан кийин ошол ишти баш прокурор А.Бекназаров кайра жандандырып тергөө иштери жүргүзүлгөн.
Түздөн-түз Акаевдин буйругу менен баштыктап Цюрих шаарына чыгарылып кеткен 2 тонна алтын боюнча өзүнчө кылмыш иш жана 2005-жылы толугу менен Кыргызстанга өткөрүлө турган Кумтөр кенин 2003-жылкы «реструктуризация» шылтоосу менен Центеррага мыйзамсыз берилгени боюнча Мыйзам Чыгаруу Жыйынынын 2004-жылдагы токтомунун негизинде дагы бир жаңы кылмыш иш 2005-жылы апрелде баш прокурор Бекназаров тарабынан козголгон. Бул үч иш боюнча тергөө тобу Москвага чейин барып, бирок Акаевди Россия бербегендиктен, аны суракка ала алган эмес.
А.Жумагуловдон тартып, легендардык парламенттин бир топ депутаттары сурак кылынган. Н.Танаев үй камагына алынган. Мындан сырткары Акаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү азыр Манас академиясы жайгашкан, (биринчи президенттин үйү жана китепканасы деген ат менен) азыркы Башкы прокуратура жайгашкан биринчи президенттин 25 га жерди ээлеген мейманканасы, Ала-Арча өрөөнүндөгү эс алуучу үйлөрү үчүн жүздөгөн, миллиондогон мамлекеттик бюджеттик акча жумшалганы боюнча, (негизинен МЧСтин, Бишкек мэриясынын акчалары) үч кылмыш иш, азыркы Бабановдун «Азия-Молл» дүкөнү түшкөн мурдагы Бишкектеги эки чоң «Инстурментальщик» спорт комплексинин жерин чет элдик жарандарга эки сааттын ичинде бекер менчиктештирип бергендиги боюнча козголгон кылмыш иш, сырттан алынган кредиттерди өзү киришип, каалагандай кайтарымсыз бердирген фактылар, айрыкча 1992-1996-жылдардагы айыл чарбасы үчүн алынган кредиттер боюнча козголгон кылмыш иш, Аксы окуясы боюнча өзүнүн кабинетинде республикалык бюджеттик каражаттан 500 миң доллар каражатты М.Садыркуловдон, У.Сарбановдон ж.б. мыйзамсыз алганы боюнча козголгон кылмыш иштер болгон.
Бул кылмыш иштер Бекназаровдун баш прокурорлук кызматтан кетирилиши менен (2005-ж., сентябрь) баары токтотулган жана 2010-жылы 7-апрелде Башкы прокуратуранын имараты менен кошо өрттөлүп кеткен. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт тарабынан Акаевдин кол тийбестиги алынып, өрттөлгөн кылмыш иштерди калыбына келтирүү аракеттери башталган. Бирок Убактылуу Өкмөт өзүн-өзү таркаткандан кийин (2010- ж. декабрь) бардыгы кайра токтоп калган. 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген С.Жапаровдун демилгеси менен Кумтөр маселеси кайра козголуп, УКМК Кумтөрдөгү коррупция боюнча жаңы кылмыш иштерди козгоду, азыр тергелип жатат.
-- А.Акаев айтпадыбы мурдагы бардык айыптоолор алынды деп?
-- Азыр Акаев Кумтөр боюнча гана сурак берип жатат болуш керек. Ал өзүнүн академиктик арамзалыгы менен «бардык айыптоолордон акталдым...» деп кара өзгөйлүк кылып жатат.
-- Сиз дайым айтасыз, «академиктик арамзалык» деп, мунун мааниси кандай?
-- Акаев - илимий даражасы боюнча академик, ошондуктан өзүнүн кылмыштарын ушунчалык илимий тактык менен бурмалап, башкаларга шылтап, шылтай албаганын «менин катам, элим кечиргиле» дейт да, ошол эле учурда ушунчалык кытмырлык менен өзүнө жакшылык кылгандарга бир жагынан кошоматтанып ыраазычылык билдиримиш болуп, экинчи жагынан кайра шылдыңдап коет. Мисалы, азыр Кыргызстандын кайсы гана айылына барып элден: «Кыргызстанда биринчи жолу бийликти үй-бүлөсү менен ким узурпациялаган»,- десең - Акаев, «кыргыз коррупциясынын атасы ким?»,- десең - Акаев, «колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды ким жок кылган», - десең, баары - Акаев дейт.
«Үзөнгү Куушту ким саткан?» - десең - Акаев, «Аксынын элин ким аткан»,- десең - Акаев, Кумтөрдү ким саткан десең?», - Акаев дейт, Бакиев, Атамбаев, Чынгышев, Жумагулов же Танаев, Сариев дебейт. Ушуну билип туруп, 30 жылдан бери өзүн ушунчалык таптаза, аппак сезип, өлкөнү аялына башкартып алганын мойнуна алмак тургай, үй-бүлө мүчөлөрүнө чаң жугузбай, өзүн реформатор, кыргыздын башчысындай көрсөтүп интервьюларды берет.
Мисалы, эл аралык аферист Борис Бирштейнди Ак үйдүн 7-кабатына чейин отургузганын - көзү өтүп кеткен Н.Исанов менен Ч.Айтматовго, Аксы окуясын - оппозиция менен Бакиевге, Кумтөрдөгү коррупциялык схемаларды ошол кездеги өкмөт башчыларына шылтайт.
Эми болсо Кумтөр маселеси боюнча суракты да жөн бербей, президент Садыр Нургожоевичтин Кумтөрдүн кызыкчылыгы үчүн ага адамкерчиликтүү мамиле кылып чакырып койгонун: «Президент өзү чакырды… жакшы кабыл алды… Камчыкеге рахмат…», - деп жана башкаларды атайылап баса айтып, «алар суранбаса келбейт элем» деген ой жаратып, жасаган кылмыштары үчүн эмес, Кумтөр маселесинде Жапаров менен Ташиевге жардам бергени келген кишидей өзүн бүт дүйнөгө таза көрсөтүп жатат. Мындай арамзалыкты, арамзалыктын академиги гана жасай алат. Албетте, анын мындай билдирүүсүнөн кийин коомчулукта Жапаров менен Ташиев бийлигине нааразычылык дагы күчөшүн ал билет.
Себеби Кумтөр боюнча бир нече адам камакта жатат, бир нече башка адам тергөөдөн жана камактан «кускандан» кийин гана чыгарылып жатса, кыргыз кыргыз болгону кыргызга ушунчалык кыянаттык кылган башкы күнөөкөр, кыргыз коррупциясынын атасы, үй-бүлөлүк башкаруунун автору, кыргыздын жерин, кенин саткан, элин аттырган, узурпатор, качкын президентке болгон мамиле мындай болуп жатса, ал болсо тигинтип элди, бийликти кошуп шылдыңдап эч нерсе болбогондой жүрсө, элдин кыжыры келеби? Келет! Кимге ишенет?
Саясый туруктуулукка шек келеби? Албетте, келет! Экинчиден, «артымда …великая Россия…баары Путин менен макулдашып болуп жатат…» - дегени кыргыз элин, Кыргызстандын азыркы бийлик ээлерин эле эмес, эгемендүүлүгүбүзгө да түкүргөндөй болду? Дүйнө жүзү ойлоп калды: «Аа байкуш кыргыздар, дагы деле тергөө иштерин, качкын президентин да Путинсиз суракка ала алышпайт экен»,- деп. Мунун баарын Акаев билип туруп атайын жасап жатат.
-- Эми Акаевге кандай чара көрүш керек деп ойлойсуз?
-- Кечээги анын интервьюсунан кийин, ага мыйзамдуу чара зарыл көрүлүшү керек. Эгерде УКМКнын айтканы чын болсо, тергөө бүтө элек болсо, жаны эки эпизод менен айыбы угузулса, айыпкер Акаевге бөгөт коюу чарасы колдонулду да. Мыйзамдын талабы ушундай. Менимче, ал «подпискада» болсо керек. Ушундай бүтө элек тергөөнү «бүттү, акталдым», деп коомчулукка провокациялык маалымат таратканы учун, «подпискасы» өзгөртүлүп камакка алынышы зарыл. Эгерде айыпкер Акаевге бөгөт коюу чарасы тандалбаган болсо, тергөөчүнүн өзүнө карата чара көрүү керек. Эмне үчүн Акаевге бөгөт коюу чарасын албаган?
А мүмкүн, Акаев чындыкты айтып жаткандыр? Коомдук пикирден чочулаган УКМК жөн эле тергөө бүтө элек, жаңы айып угузулду деп жалган маалымат чыгаргандыр? Анткени мурда да Акаевге издөө жарыяланды дешкен? Иш жүзүндө Акаев изделбей эле, президент суранганынан келгени далилденди. Эмнеси болсо да Акаевге болгон кош стандарттуулук же «боорукерлик» үчүн жана Акаевдин «адамгерчликтүү» мамилеге тукүргөн фактынын өзү боюнча коомчулук чындыкты билүүгө акылуу.
Президент, УКМКнын төрагасы, тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл кылган баш прокурор чечкиндүү чечимге келиш керек. Күнөөлүүлөр жазасын алуусу зарыл. Акаев Кумтөр боюнча жоопко тартылбаса, анда 2010-жылдан берки иштеген Кумтөр үчүн камалган өкмөт башчы менен депутаттарды эмнеге камаган болобуз? Эски таарыныч же өч алуу үчүнбү?
Акаев камалбаса, башкаларды камоонун өзү - кылмыш, анда Кумтөр боюнча козголгон азыркы кылмыш иштер коомчулук үчүн чыгарылган жомокко айланат! Центерраны эл аралык соттон кантип утабыз? Экологиялык зыян болгону жарандык доо эле болот!
Эгерде Акаев эми келбей койсо, же Россия бербей койсо, аны кое бергендер жазаланып, Акаев сыртынан соттолуш керек. Эскирүү мөөнөтү өтө элек. Анткени Кумтөрдөгү кылмыш 30 жылдан бери уланып келген кылмыш. Ал 2021-жылы май айында өзүбүз иштете баштаганда гана аяктады. Ал тууралуу президентибиз да бир нече жолу белгилеген. Дегеле бир жылдан берки УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан тергелип жаткан кылмыш иштердин мыйзамдуулугу боюнча катуу прокурордук көзөмөл колго алынбаса, ушул тергөө иштериндеги чехарда саясый жаңы чыңалууга себепкер болгону калды!
-- 2010-жылкы июнь окуясы боюнча кылмыш иш козголуп, айрым Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, губернаторлор суралып жатат. Сизди суракка чакырдыбы?
-- Мени чакыра элек, чакырышса барам. Уулум Русланды сурак кылганын уктум. Ал элдик кошуундун катарында Түштүктө жүргөн эле.
-- 11 жыл мурда болгон улут аралык жаңжалды кайра козгоону кандай көрөсүз? Бул кимге пайдалуу?
-- Дүйнөлүк практикада мындай окуялар араздашкан эки тараптын келишими, жарашуусу менен тынчыйт же жалпы тергөө токтотулат. Күнөөлүүлөргө амнистия берилет. Мен Кыргызстандын түштүгүндөгү 1990-жылкы Июнь окуясы учурунда тергөөчү, ал эми 2010-жылкы июнь окуясында Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары аралашып, мындай окуялардын ушунчалык татаал, опурталдуу экенин ичинен жакшы билем жана эки окуяда тең козголгон миңдеген кылмыш иштер да эки элдин жарашуусу менен токтотулганын айта кете алам.
Мындай жаңжалдарды канчалык чукусаң, ошончолук ырбайт. Айрым провокаторлордун же айрым реваншисттердин атайылаган талаптары же өч алуу максатында эле «адилеттүүлүктү» издегендерге эскертет элем, от менен ойнобогула деп. Ооба, ошол жаңжал убагында ачылбай калган адам өлтүрүү, тоноо, зордуктоо, мародёрлук кылуу ж.б. ачылбай калган оор локалдуу айрым конкреттүү кылмыштардын бети ачылса, ошол иштер гана тергелиши мүмкүн.
Бирок жалпы Июнь окуясынын келип чыгышынын башкы күнөөкөрлөрүн аныктоо боюнча жаңы иш жүргүзүү болсо, бул саясый катачылык, анын перспективасы жок, бирок кесепети көп болот. Алар убагында дүйнөлүк, мамлекеттик эң жогорку деңгээлде, бейөкмөт уюмдар тарабынан да иликтелген. Себептери, зыяндары, күнөөлүүлөр аныкталган. Айрымдары соттолгон.
Азыр эмне факты боюнча кылмыш иш козголгонун эмнелер тергелип, кимдер күнөөлөнүп жатканын мен билбейм. Тергөө органдары 11 жыл мурдагы Июнь окуясын коюп, Кумтөр боюнча, Акаевди, Октябрь окуясын, Баткендеги чек арадагы жаңжалда бейкүнөө өлгөн 36 адам, «кустурбайчылык» боюнча козголгон кылмыш иштерин жомокко айлантпай, аягына чыгарып, сотко жеткиришсе жакшы болмок.
-- 2021-жыл элибиз үчүн кандай жыл болду? 2022-жыл кандай болот деп ойлойсуз?
-- 2021-жыл элибиз үчүн да, мамлекетибиз үчүн да абдан оор жыл болду. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин башталган бийлик алмаштыруу, саясый реформалар, катар- катар шайлоолор, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, эки жылга созулуп бараткан таажы тумоосу, ага байланыштуу чектөөлөр, кымбатчылык элибизге оор кесепетин тийгизди. Элибиздин ынтымагы, чыдамкайлыгына ыраазы болуу керек, баарын көтөрүп келе жатат.
Мына, Жаңы жылга жаны башкаруу системасы, жаңы Конституция, жаңы президент, жаңы парламент менен кирип баратабыз. Президентибиз 2022-жылды Улуттук өнүгүүнүн жылы катары карап, атайын иш-программалар кабыл алынууда. Улуттук кайра жаралууну биринчи кезекте биз, мамлекеттин атын алып жүргөн кыргыздар, ар кимибиз өзүбүздүн жан дүйнөгө өзүбүз революция жасап, мамлекеттин, бийликтин, байлыктын ээси эл экенин бекем сезип, ага аяр мамиле кылып, улуттук патриоттуулугубузду күчөтүп, улуттун тилин, динин, каада-салтын, үрп-адаттарын, маданиятын заманбап реформалоого активдүү катышуубуз милдет.
Эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды азайтуу, элдин бийликке болгон ишенимин көбөйтүү, турмушун жакшыртуу - бийликтин Жаңы жылдагы эң башкы милдети болуш керек! Келе жаткан Жолборс жылы, жолборс мүнөз кыргыздар үчүн жакшы жыл болсун!
-- Рахмат.
Маектешкен Гүлжан Шерипбаева
Булак: NazarNews.kg