www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн “Ысык-Көл форумунун” ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу замандаштар!
Кадыры бийик меймандар, күнөстүү Кыргызстанда дүйнө элитасы акыл калчай турган аянтчага кош келиңиздер!
Адамзаттын келечеги жөнүндө ой толгоо, эртеңки күндүн санаасы, кийинки муундун көрөр күнүнө камтама болуу атам замандан бери адам баласы тартып келе жаткан түйшүк.
Анткен менен бул көйгөйлөр бүгүнкү күндө андан бетер курчуп, дүйнө жүзүнүн күн тартибинен түшпөй, дал ушунун үстүндө ой жоруп, баш катырып жаткан учур.
Мындан туура 40 жыл мурун кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк ойчулдарды топтоп, адамзат көйгөйлөрүн талкуулоону демилгелеп, “Ысык-Көл форумун” өткөргөнү баарыбызга белгилүү.
Ал иш-чарада дүйнөнүн эң көрүнүктүү жазуучуларынын, философторунун жана маданият ишмерлеринин башы биригип, ошол кезде глобалдык масштабга айлана баштаган эң көйгөйлүү маселелер: ядролук согуш коркунучу, экология маселеси, илимий-техникалык өнүгүүнүн этикалык жактары, интеллигенциянын коом алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу суроолор коюлган.
Бүгүн Айтматов баштап кеткен ошол интеллектуалдык жөрөлгөнү улай, “Дүйнө цивилизациялык бурулуш жолдо: келечекке бирге” урааны астында өткөрүлүп жаткан Ысык-Көл форумунун” 40 жылдыгында Евразия чөлкөмүндөгү эң эле таанымал, азыркы заманыбыздын ойчулдарын көрүү мен үчүн абдан кубанычтуу болуп турат.
Ошону менен бирге бул форум Шанхай кызматташтык уюму сүрөөнгө алган, ЮНЕСКО уюму такай баса белгилеген цивилизациялык диалогго өз салымын кошоорун баса белгилей кетейин.
Урматтуу замандаштар!
“Ысык-Көл форумунун” 40 жылдыгын белгилөө жөн гана өткөндү эскерүү эмес, Айтматовдук гуманизм идеяларын кайрадан жандандыруу, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы жаңы цивилизациялык диалогду түзүү, бүгүнкү күндүн курч чакырыктарына: климаттык кризистин алдын алуу, жасалма интеллекттин чектен тыш колдонулушун тизгиндөө, дегеле адамдык бийик парасаттын сакталып калышына бирдиктүү интеллектуалдык жооп издөөнү максат кылуудабыз.
Жер шарында климат кескин алмашып, жаратылыштын ар кыл алааматтары орун алып, улам кийинки муундун аң-сезими өзгөрүп дүйнөлүк көйгөйгө айланган чакта Кыргыз Ала-Тоолорунун курчоосунда турган касиеттүү Ысык-Көлдү жаратылыш менен адам баласынын гармониясынын жандуу символу деп карасак, “Ысык-Көл форуму” дагы көлүбүзгө куйган ондогон кашка суулар сыяктуу дүйнөнүн чар тарабынан келген акыл ээлеринин өтө баалуу ой-пикирлери айтыла турган, уңгулуу ой, омоктуу чакырык жасала турган маанилүү аянтча болот десем жаңылышпаймын.
Мен бул залдан дүйнөлүк деңгээлдеги эң көрүнүктүү интеллектуалдарды: Нобель сыйлыгынын ээси Мо Янь мырзаны, кытай адабиятынын классиги Ванг Мың аганы, дүйнөлүк эксперт, тарыхчы Питер Франкопанды, таланттуу кинорежиссер Али Хамраев аксакалды, таанымал сүрөтчү, арт-менеджер Василий Церетелини жана башка Азия чөлкөмүндө, Европа мейкиндигинде кеңири белгилүү болушкан маданият ишмерлерин көрүп кубанып турам.
Мындай масштабдагы акыл ээлеринин келиши биздин “Ысык-Көл форумубуздун” эл аралык саясий жана маданий салмагы башка дүйнөлүк форумдардан ашса ашып, асты кем калбастыгын далилдейт.
Бүгүн дүйнө жүзүндө жаакташуулар күчөп, согушка айланса, ага жараша жандуу жаратылыш да козголуп, глобалдык жылуулук күчөп күн тартибиндеги эң негизги көйгөйгө айлангандай.
Ошол эле маалда адам баласынын акылы артып, жасалма интеллектти жаратып, жашообузда бир топ жеңилдиктер орун алганы менен, ошол жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан кара ниеттик менен пайдаланылбайт дегенге эч ким кепилдик бере албай келет...
Мындан 40 жыл мурунку “Ысык-Көл форумунда” Чыңгыз Айтматов адамзаттын жоопкерчилиги жөнүндө: “Акыры баарыбыз тең Жер шарынын өнүгүүсүнө, азыркы абалына тыкыр байкоо салып, келечек муундун тагдыры тууралуу терең ойлонушубуз керек.
Дүйнө калкынын бир бөлүгү чыр-чатактар менен кысымдардан качып, көчүп кете турган башка планета да жок.
Чакан планетабызда ынтымакташып жашоого үйрөнүү – адамзатынын бүгүнкү күндөгү жана келечектеги жападан жалгыз альтернативасы”, - дегени али эсибизде.
Мындай шартта, бүгүнкү күндө кандай жол менен болсо да, көздөгөн максаттарына жетүүгө умтулган саясатчылардан айырмаланып, “калем кармаган” интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат деген суроо туулат.
Мындай ары жөнөкөй, бирок ары салмактуу суроого көпчүлүк жооп издеп, жол таба албай турган мезгил.
Ооба, бүгүнкү замандын интеллектуалдары өз-өзүнчө дүйнөнү экологиялык жана технологиялык туңгуюктан куткаруунун жолун, айласын издеп жатышат.
Бирок бирдиктүү, өзөктүү, жоопкерчиликтүү жана таасирдүү сунуш чыга элек.
Мына ушундай кыйчалыш кырдаалда “Ысык-Көл форумунан” үмүт артып, иштиктүү гуманисттик натыйжалардын күтүлүшү дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Демек, 40 жылдыгы белгиленип жаткан бул форумдун миссиясы дагы тереңде жатат.
Бүгүн биз адамдын экосистемага тийгизген зыянын моюнга алуубуз зарыл.
Табият менен кайрадан камыр-жумур, сый мамилеге келишибиз керек.
Бул багытта Кыргызстан дүйнөлүк алкакта тоо экосистемасын сактап калуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү сыяктуу маселелерде эл аралык коомчулукка катуу коңгуроо кагып жаткандыгын кошумчалай кетейин.
Мынакей, Кыргызстан кечээ жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешининин мүчөлүгүнө көпчүлүк мамлекеттердин добушу менен өттүк.
Биз жогоруда айтылган көйгөйлөрдү дал ошол дүйнөлүк абройлуу уюмдун аянтчасында да көтөрүп, алардын чечилиши үчүн бекем турабыз.
Ошону менен бирге Кыргызстан мындай макамга ээ болушу менен БУУда өнүгүп келаткан мамлекеттердин, чакан өлкөлөрдүн, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн үнүн угузууда чоң роль ойной тургандыгын баса белгилеп кетейин.
Коопсуздук кеңешиндеги ачык-айкын талкууларда эл аралык институттарды заман талабына жараша жаңылоо зарылдыгын да көтөрөбүз.
Урматтуу замандаштар!
Айтматов үчүн чыгармачылык жөн гана көркөм өнөр эмес, глобалдашуу, техникалык прогресс доорунда адам баласынын рухий дүйнөсүн, адамдык бийик парасатын сактап калууда негизги курал болгондугун жакшы билесиздер.
Анын дээрлик бардык чыгармаларында адамдык бийик сапатты – адамгерчиликти кыйратуучу күчтөрдөн коргоо аракеттери көрүлгөн.
Улуу ойчул “Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу” деген сөзү менен эле канчалык терең маанилүү сабак калтырган.
Ал эми кадимки эле “Манас” дастанында камтылган адам баласынын башына шири кийгизүү жазасын чыгармаларында кылдат пайдаланып, маңкуртчулук — жөн эле эс тутумун жоготуу эмес, тарыхый, маданий жана генетикалык тамырдан ажыроо экенин таасын жеткире алган.
Айтматовдун пикири боюнча, чыгармачылык аркылуу аман калуу— рухий жакырчылыкка каршы туруунун, дүйнөнү сактап калуунун бирден-бир жолу.
Бул маселе бүгүн да болуп көрбөгөндөй актуалдуу.
Прогресстин артынан кууп баратып, адамдык сапатка доо кетирип бараткан жокпузбу?
Рухий баалуулуктарды коргоодо жасалма интеллект адам баласына пайда алып келеби, же тескерисинче кургуйга түртөбү деген да суроо жаралат.
“Ысык-Көл форумунун” бул жолку отурумунун философиялык изденүүлөрүнүн башаты да дал ушундай соболдор менен уланат деп ойлойм.
Ошол эле маалда эл аралык коомчулук дагы “Ысык-Көл форумунан” куру декларация эмес, реалдуу концептуалдык кадамдарды күтөөрү белгилүү.
Ушундан улам, ушу тапта дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштарга жана экологиялык кризиске каршы адамзатка багытталган глобалдык чакырыктар жасаларына, өлкөлөр ортосундагы чыр-чатактарга карата эл аралык уюмдарды мобилизациялоо платформасын түзүү, жасалма интеллектти адамзаттын бакубатчылыгы үчүн гана пайдалануунун жолдорун табуу сыяктуу глобалдык маселелер талкууланат деген үмүттөмүн.
Бул ирет дагы дүйнөнүн чар тарабынан келген форумдун катышуучулары адамзаттын жаркын келечегинен кеп козгойт деп турам.
Ошондо гана “Ысык-Көл форуму” ар кандай согуштук апааттардан жана экологиялык кризистерден чарчаган, адамзатка жаңы үмүт, жаңы багыт бере алат деген бекем ишеним жаралат.
Ошондо гана сиздер сыйлаган, дүйнө эли сыймыктанган гуманист-жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүдөөсү, максат-тилектери орундалмакчы.
Дүйнө жүзүнүн акыл-эстери чогулган ары абройлуу “Ысык-Көл форумунун” 40 жылдыгы ийгиликтүү өтүшүнө тилектешмин!
Сиздердин форум – Ысык-Көл жээгиндеги руханий экологиянын омоктуу диалогу болуп калсын!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат.”