www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров ЖККУнун ТИМ башчыларын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ жетекчилерин кабыл алып, маанилүү болгон маселелерди талкуулады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууга Беларустун ТИМ жетекчиси Максим Рыженков, Казакстандан Мурат Нуртлеу, Россиядан Сергей Лавров, Тажикстандан Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Алар менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да болду.

Уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык көйгөйлөргө жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алмашуу жүрдү.

Жапаров төмөнкүлөргө токтолду:

Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыкты чоң жоопкерчилик, аймактагы кызматташтыкты жана коопсуздукту мындан ары чыңдоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алат;

Эл аралык террорчулук, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатат. Буга байланыштуу мындай абал бардыгына олуттуу коркунуч туудурат жана бирдиктүү, координацияланган мамилени талап кылат;

Виртуалдык мейкиндик жаңы чыр-чатактардын жана коркунучтардын аянтына айланууда. Андыктан өтө маанилүү инфраструктураны коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарыл;

Кыргызстандын төрагалыгы жана алдыдагы иш-чаралар өнөктөштүктү бекемдөө жана жамааттык коопсуздук тутумун өнүктүрүүгө натыйжалуу мамилелерди түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишенем.

Ал эми тышкы иштер министрлери Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришкен. Министрлер азыркы көйгөйлөр чакырыктарга жана коркунучтарга жоопту майнаптуу кылып кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдогон.

Последние новости