www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу жарактан чыгып калган "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасынын чыгымын калыбына келтирүү жоопкерчилигин билүү максатында Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланыштык. Анда ал бул маселе боюнча учурда комиссия иштеп жаткандыгын билдирди.

"Учурда экинчи комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Биз биринчи комиссияда иштедик, керектүү чечимдерибизди бердик. Азыр ким жооптуу экендигин айта албайм. Бул маселе жакында чечилет. Биз азыр вакцинаны кармап турабыз. Ал башка вакцина менен орду толтурулган соң утилизацияга кетиребиз", - деп билдирди Ишенапысова.

Белгилей өтсөк, муздаткыч өчүп калып, жарактан чыгып калган вакциналарды эсептен чыгаруунун материалдык чыгымы 800 миң сомдон ашканын Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости