www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областы боюнча ОИИБгы тарабынан уюшулган “Арсенал” аттуу операциясынын негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Натыйжада Базар-Коргон, Аксы жана Тогуз-Торо райондорунун үч жараны өз ыктыяры менен 3 ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине тапшырышкан. Базар-Коргон районунан эч кандай жазуусу жок, номери жок эски сайсыз жасалма тапанча, Аксы районунан затвору жок, жараксыз абалдагы ИЖ үлгүсүндөгү №1248 сандуу 32 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, Тогуз-Торо районунан атасынан калган 1941-жылы чыгарылган ИЖ-5 үлгүсүндөгү К65703 сандуу 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал өз ээлери тарабынан ыктыярдуу түрдө тапшырылган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат деп билдирет КР ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: "NazarNews.kg"
 

Последние новости