www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Залкар акын, коомдук ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик адабий сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун обондуу ырлары жана поэтикалык саптарынан турган "Издейм сени..." аттуу концерти болот. Концерт эртең 17-июнда, саат 18.00до Т.Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрында өтөт. Айтылуу акындын обондуу ырлары жаңырып, мыкты ырлары көркөм окулат.

Концертке элибизге аттын кашкасындай таанымал, арген үндүү ырчылар катышат: Дарика Жалгасынова,Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Султан Каримов, Расул Маматкулов, Дилшат Кангелдиева,Токтобек Асаналиев, Сонунбүбү Кадырова, Аскат Мусабековдор өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости