www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Саламатсызбы Улугбек мырза, ушул тапта ММКларда «Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына иштей ала турган жетекчи алып келиш керек», – деп парламент жыйынында жарыя кылгансыз. Ошол эле убакытта айрым ММКлар Сиздин Кытай тарап менен тоок этинин бизнеси бар дегендей айтып чыгышты. Чын эле Сиздин Кытай тарап менен бизнесиңиз барбы?

- Жогорку Кеңештин жыйынында ошол маселени көтүрүп чыкканмын. Себеби кыргыз Өкмөтү 2016-жылкы отчет берип жаткан учурда, ушул 2017-жылы Кытайдан канаттуулардын эти келбей калгандыгы боюнча мен сураганмын. Эмне үчүн Кыргызстанга жыл сайын келип турган нерселер эмне болду? –деп. Себеби Кыргызстанга Кытайдан канаттуулардын этин алып келген 5-6 фирма бар болчу. Алар бизге эле эмес биз аркылуу Кыргызстандан Тажикстанга жана Казакстанга тоок этин кетирип турчу. Бул мыйзамга дал келген эл аралык бизнес алака. Алар мамлекеттик казынага 4 млрд сомдон ашык салык төлөчү. Жогоруда мен көтөрүп чыккан маселеге тийиштүү инспекциянын жетекчиси Кыргызстан Евразиялык биримдикке мүчө болгондон кийин Россия жана Казакстан менен макулдашыбыз керек,ошол макулдашуу бүтө элек деп жооп берди. Андан бери Өкмөттүн отчетуна 45 күн болду. Мен көтөргөн маселеме бүгүнкү күнгө чейин жооп жок. Бир канча жолу   Кытай тараптын заводдорунан келген атайын билдирүүгө биздин тийиштүү мамлекеттик органдар “ана-мына” жиберебиз деп атып, алгылыктуу жооп бере элек.  

Тилекке каршы, мамлекеттин казынасына пайда келтирип жаткан маселени көтөрүп чыксаң айрым ММКлар “Ормонов, өзүнүн бизнесин коргоп, керт башын ойлоп жатат”, деп жазды. Мындай окуя бир нече жолу башымдан өткөн. 2007-жылы оң рулдуу жеңил машиналарды Кыргызстанга киргизбөө боюнча атайын мыйзам көтөрүп чыкканмын. Ошондо дагы, “Ормонов, Германиядан машина ташыйт экен, машина бизнеси бар турбайбы?, - деп ызы-чуу кылышкан. Азыр дагы так ошол көрүнүш.

-Чын эле Кытай тарап менен бизнесиңиз барбы?   

-Мен расмий айтып коюшум керек. Кытай менен эч кандай бизнесим жок. Мындай бизнес менен иштеген дагы эмесмин. Журналистер мага кайрылып тактап коюшса жакшы болмок.

-Сиз көтөрүп чыккан маселенин канчалык деңгээлде пайдалуу жана зыяндуу жактары бар?

-Биринчиден биздин мамлекеттик казынага тыйын түшпөй жатат. Экинчиден контарабанда күчөдү. Жакында эле 40 тонналык жүк кармалды. Мындан бир нече күн мурун Тажикстандан келе жаткан контрабанданы кармашкан. Ошол келбеди деген канаттуулардын эти келип эле жатат. Эч кайгырбасын. Айтып атышпайбы биз мына жакшына таза этти жейин десек, Кытайдыкын алып келип жатышат деп. Айрымасы мурун мыйзамдуу кирсе, азыр так ушул тапта бирөөлөр мыйзамсыз, мамлекетке бир дагы салык төлөбөй алып кирүүдө. Кыргызстандагы ресторан кафелер Кытайдан келген канаттуулардын эттерин толугу менен пайдаланууда. Маселе так ушунда, антип жаап-жашырып алып келбей мыйзам жолу менен алып келсе, акча мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшыбы деген сунушту айттым. Мына бизге келбей калды эле Тажикстан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алып келип, эми алар аркылуу кыргыздар алып жатат. Айрымасы бар бекен. Так ушул сөздөрүм “экологиялык продукцияга каршы чыгып жатат” деген сөздөргө жооп.  Мен көтөргөн маселе, менин эмес мамлекеттин кызыкчылыгы деп ойлоймун.

-Сизди тажрыйбасы бар депутаттардын катарына кошсок болот. Бирок ошол эле учурда, учурдагы депуттардын мурдагы депутаттарга караганда эл арасында барктоо деген болбой калды. Аларга болгон мамиле кескин түрдөө солгундады. Эмне үчүн?

-Мындай пикир жаралганын моюнга алыш керек. Бизде парламенттик башкаруу дегени менен парламенттин аброюн түшүргөн, парламенттин аброюна кесепетин тийгизген мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Азыр Кыргызстандагы эң ачык орган так ушул парламент.  Чын эле сынга каттуу кабыл алынууда. Мен ойлойм бул туура эле, элдин сынан өткөн эч нерсе жок.   Экинчиден чын эле партия менен парламенттин деңгээли төмөн болуп жатат. Мурда бир мандаттуу округдан келген эл өкүлүн, эл тандайт эле. Азыр партиянын лидери тандайт. Кыскасы тизмеде ким бар экенин билинбей, эл кимди шайлап жатканын түшүнбөй калды. Буга чейин талапкерлердин жүзүн көрүп тандоо болсо учурда партияна карап тандоо бул өтө чоң жаңылыштык. Келечекте мындай системаны өзгөртүшүбүз керек. Эл кимди шайлап жатканын көрүшү зарыл.

-Ушул тапта эл өкүлдөрүн эл арасында, “коркоктор”, “маңкурттар” же болбосо “лохтор” деп айтышууда. Мындай  сөздөрдүн чыгышы эмнеде, эл өкүлүн сыйлоо деген жок...

-Бул партиялык тизменин кесепети. Шайлоолордо эл өкүлдөрү ант берип туура эмес болуп калды. Эрдик кылуунун кереги бар, бийликке сабатсыз болсо дагы марттык кылып досуңду алып келүүнүн кереги жок. Сынды кабыл алыш керек, “эл тараза – эл сынчы”. Азыр бул парламенттин мурунку парламенттен деңгээли төмөн экендиги ачык.

-Кыргызстанда паспортто улуту деген графаны алып салды. Эмне үчүн ушул маселеге унчукпай Жогорку Кеңеште олтурасыздар?

-Албетте “Бир бол” фракциясы өзүнүн жыйынында карап бул чечим чыкканча атайын ошол КР юстиция министринин орун басарын чакырып,  талкуу кылганбыз. Паспорттогу улуту деген графанын алынып калгандыгы туура эместигин айтканыбыз. Ага өкмөт көңүл деле бурган жок. Бул парламентте атайын мыйзам катары талкуу болбогондуктан эл арасында “Жогорку Кеңеш буга көңүл бурбай койду”, деген ой жаралып калды.

-Күзүндө кыргыз эли өзүнүн президентин тандап алат. Сиздин оюңузча эл өзүнүн президентин тандап алабы, же бийлик өзүнө жаккан президентин тандап алабы?

-Бул эми катардагы көрүнүш. Себеби ар бир бийлик өзүнүн кишисин алып келгенге аракет кылат. Муну аксиома катары кабыл алышыбыз керек. Бийлик өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн болгон ар тармактуу күчүн жумшайт. Эгерде азыркы бийликтин катачылыктарын эске ала турган болсок мен ойлоймун эл өзүнүн  президентин тандап алат.

-Эл аралык саясатка көңүл бурсак...

-Кыргызстан – Борбор Азия аймагында түрдүү маселелрди комплекстүү чечүүгө келгенде өзүнүн өзгөчө орду бар мамлекет. Геосаясий, экономикалык, экологиялык, суу ресурстарын пайдалануу, бажы, чек ара, темир жол жана башка түйүндүү маселелерди жөнгө салууда Кыргызстан интеграциялык аянтча болууга толук шарты бар. Бирок биз бул мүмкүнчүлүктү толук пайдалана албай жатабыз. Коңшулаш: КЭР, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен тынчтыкта, достук мамиледе, кызматташууну бекемдеп, чек аралардагы делимитация жана демаркация иштерин чыгаруу керек. Негизи эле кыргыз  - деген улуу наамдын баркын, наркын, салтын терең түшүнүп улуттун тили, дили, бирдей баалуулук экенин билсек,  жалпы адамзаттык рух казынага өз жүзүбүздү жоготпой салым кошсок болот.

-Рахмат.

Эске сала кетсек Улугбек Ормонов учурда Жогорку Кеңештин депутаты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости