www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мигранттардын кайыгы чөгүп, 51 адам каза болгонун укук коргоочу Елена Малено билдирди. Анын айтымында, кеме Мароккодон Канар аралдарына (Испанияга таандык) бараткан.
"Кырсыктан 51 адам, анын ичинде 11 аял жана 3 бала каза болду", - деп жазды Малено Твиттерде. Анын айтымында, кеменин төрт жүргүнчүсү аман калып, алар ооруканага жаткырылган.
Мигранттар менен кеме Марокконун Тан-Тан шаарынан Канар аралдарына жол тарткан, деп жазат Хелена Малено. Анын айтымында, алар деңизде сегиз күн болушкан.
Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын январынан майына чейин Канар аралдарына 4,4 миңдей мыйзамсыз мигрант келген. Бул 2022-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 47% аз.
Булак: NazarNews.kg